Кыргызстандын чек ара кызматы: Казакстан менен чектеш чек арада кезек күтүүлөр азайды

Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, кыргыз-казак чек арасында адамдардын көп чогулуусу жок. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, авто тыгындар сакталууда, бирок казак тараптын авто унааларды өткөрүүсү тездеген.

Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде адамдардын көп чогулуусу жок.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетинде жетимишке жакын адам менен 15 машина турат.

«Казак чек арачылары тезирээк өткөрө башташты. 15 мүнөттүн ичинде 30га жакын адамды өткөрүшүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде тыгындар сакталууда — учурда чек арадан 300дөн ашык жүктүү машина өтө албай турат. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, бир сааттын аралыгында 10го жакын машина өткөрүлүүдө.  

Чек ара кызматынын өкүлүнүн айтымында, «Чоң-Капка — Автодорожный» өткөрмө бекетинде 50гө жакын жүктүү унаа менен жеңил машиналар чогулуп калган.

Ишкерлер-ассоциациялары жүк ташыган компанияларды кезек күтүүлөрдүн саны өсүп кетпеши үчүн өздөрүнүн машиналарын чек арага жөнөтпөй турууга чакырышты.

«Көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде жүктүү унаалардын кезек күтүүлөрүн болтурбоо максатында ата мекендик ишкер жүк ташыгандардан бул маселе толугу менен чечилгиче Казакстан менен чектеш чек арадан өтүүнү убактылуу токтотуп турууну суранабыз», — деп айтылган кайрылууда.

Эки өкмөттүн башчылары жүктөрү бар жеке жактар, жүргүнчү ташыган автобустар жана бош оор жүк унаалары чек арадан «жеңилдетилген тартипте» өтө башташаарын келишишкен.

Бирок аткаминерлерлер жүктүү фуралар боюнча маселени беш күндүн аралыгында чечүүнү убада кылышкан.

Чек арадагы абалдын оорлошу

Казакстандын чек арачылары 10-октябрда күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшкөн, бул тез бузула турган азыктарды ташыган оор жүк унааларынын километрлеп созулган тыгындарынын чыгышына алып келген.

Ошондой эле казак тарап Кыргызстандын сүт азыктарын өндүргөн беш компаниясына өндүрүмдөрдү киргизүүгө тыюу салган.

Казак чек арачылары өздөрүнүн иш аракеттерин террористтер менен кылмышкерлерди колго түшүрүү үчүн жана фитосанитардык эрежелерди бузгандарды издөө бөюнча «пландык операция» менен түшүндүрүшкөн.

Атамбаев 7-октябрда мугалимдердин алдында сүйлөп жатып казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптагандан кийин чек арадагы кырдаал оорлошо баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: