Казакстандын ТИМи: Кыргызстан 100$ млн жардамдан баш тартуусун билдирди

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Кыргызстандын бийлиги 100 млн доллар өлчөмүндө техникалык жардамдан баш тартуусу жөнүндө билдирди. Кыргызстандын парламенти азырынча келишимди денонсациялоону карап жатат.

Казакстандын ТИМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстан 100 млн доллар өлчөмүндө жардам берүү жөнүндө келишимди денонсациялоо боюнча ички процедураларын баштады. Бул каражаттар Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине интеграциясы үчүн берилиши керек болчу.

«Казак тарабы Кыргызстандын өкмөтүнө керектүү техникалык жардамдарды ыкчам көрсөтүүгө дайыма даяр болгон», — деп билдиришти Казакстандын ТИМнен.

Казак ТИМнин маалыматына ылайык, 41 млн доллар өлчөмүндөгү биричи транш Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын ноябрында түшүшү керек болгон.

«Бул каражаттар эрте эле бөлүнүшү керек болчу, бирок кыргыз тараптын керектүү документтерди жана тийиштүү чыгымдардын эсебин берүүсү создуктурулуп кеткен», — деп билдиришти ТИМнен.

Кыргызстандын бюджет жана каржы боюнча парламенттик комитети 23-октябрда Казакстан тараптын 100 млн доллар техникалык жардамынан баш тартууну колдогон. Эми парламент үч окууда келишимди денонсациялоону карап чыгышы керек.  

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев казак тараптын каражатына курула турган лабораториялар бюджеттин эсебинен курулганын билдирген.

«Биз алардын жардамын күтпөй эле бюджеттин эсебинен лаборатория курдук, дагы да курабыз. Албетте бизге кыйын болот, бирок эгерде биз өзүбүздү сыйлабасак, бизди башка эч ким сыйлабайт, ошондуктан денонсация кылууну чечтик», — деген Зилалиев.

Мурдараак 100 млн доллардан баш тартууну президент Алмазбек Атамбаев дагы колдоп, 15-октябрда Кыргызстан Казакстандын жардамына «муктаж эмес» деп билдирген.

Кыргызстандын өкмөтү документти парламентке 20-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы абал оорлошуп кеткенден кийин жөнөткөн.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жардам бөлүп берүү келишимине 2017-жылдын 5 июлунда кол койгон. Каражаттар Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуудагы жол картасын түзүүгө, бажы бекеттеринин техникалык абалын жакшыртууга жана жабдуулоого, ошондой эле, ветеринардык жана карантин тутумдарын жаңылоого сарпталмак.

Дипломатиялык чыр

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда сүйлөп жатып казак бийлиги жөнүндө жагымсыз нерселерди айткандан кийин начарлап кеткен.

Ошондон кийин казак чек арачылары 10-октябрдан баштап чек арадан жарандарды өткөрүү тартибин күчөткөн — өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр жаралып, авто тыгындар пайда боло баштаган.

Чек арадагы абал эки мамлекеттин ортосундагы өкмөттөрүнүн 18-октябрда Астанада өткөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин жакшырган — жеке жактар, бош унаалар жана жүргүнчү таашыгандар чек арадан жеңилдетилген тартипте өтө башташкан.

Бирок жүктүү фуралар боюнча маселе аягына чейин чечиле элек.


ТЕМА БОЮНЧА: