Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьерлик кызматка Дайыр Кенекеевдин талапкерлиги чыгарылды

Премьер-министр Сапар Исаков коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министрлик кызматка Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин чыгарды. Буга чейин бул кызматты жол кырсыгынан каза тапкан Темир Жумакадыров аркалаган.

Коопсуздук жана коргонуу маселелери боюнча вице-премьер-министрлик кызматка чыгарылган Дайыр Кенекеев — учурдагы Талас облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана жогорку кеңештин регламенти боюнча комитет Кенекеевдин бул кызматка талапкерлигин колдоду.

Эми парламент анын талапкерлигин жалпы уктурууда карап чыгышы керек.

Кенекеев ар кандай учурларда француз тилинен орусчага котормочу болгон, зоотехник болуп иштеп, ар кандай учурларда Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетте ар кандай кызматтарды аркалаган.

Ал 2011-жылы Маммүлктүн министринин орун басары болгон. Кенекеев 2015-жылдан баштап алгач Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары катары иштеп, андан соң ыйгарым укуктуу өкүлү болуп калып, өкмөттө иштей баштаган.

Таласта шайлоодон жеңилип калган талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери 16-октябрда митингге чыгышкан. Анда Кенекеев каршылык акциясына чыккандардын алдына барып, аларды тарап кетүүгө чакырган.

Президент Алмазбек Атамбаев 18-октябрда студенттердин алдында сүйлөп жатып Кенекеевди Таласта каршылык акцияларына чыккан адамдардын алдына барганы үчүн «Манастын урпагы» деп атаган.

Кенекеев аталган кызматта 7-октябрда жол кырсыгынан каза болгон Темир Жумакадыровдун ордуна келет. Жумакадыровдун машинасы Бишкек — Кара-Балта жолунда оор жүктүү унаа менен сүзүшкөн. Жумакадыров менен кошо анын эки жардамчысы каза болгон.

Сурөт: «24.kg»


ТЕМА БОЮНЧА: