ИИМ: Бишкектеги милиционердин өлүмүнө ИГИЛдин тиешеси жок

Ички иштер министрлиги Бишкекте милиционердин өлтүрүлүшүнүн артында ИГИЛ турат деген версияны четке какты. Кылмыш жасоого шектүү колго түшүрүлгөн, учурда ал убактылуу кармоо изолятордо камакта.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте Биринчи май райондук ИИБдин кызматкери Уларбек Майрамбековдун өлүмүнө ИГИЛдин тийиштиги бар же жогу боюнча версия тастыкталган жок.

Милиция шектүү адамды 28-октябрь күнү эртең менен кармаган. Ал 26-жаштагы Бишкектин тургуну болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал компьютердик оюндарга катуу берилип кеткен жана дайыма оюн-зоок клубдарына барып турган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери «укук ченемдеринен чыккан иш аракеттерди кылгысы келген» сыяктуу адамдын «таң калаарлык жүрүм туруму» Майрамбековдун көңүлүн бурдурганын кошумчалашты. Милиционер аны аңдууга алууну чечкен.

Ал эми шектүүнүн айтымында, анын жанына Майрамбеков келип күбөлүгүн көрсөткөндө, анын жини келип кеткен.

«Бул эмнегедин анын ачуусун келтирип, ал бычагын сууруп чыгып, милиционерди сайып салган, андан соң кылмыш болгон жерден качып кеткен», — деп билдиришти милициядан.

Учурда ал убактылуу кармоо изоляторунда камакта. Адам өлтүрүү фактысы боюнча ага каршы кылмыш иши козголду.

Майрамбековду 26-октябрь күнү кечинде Бөкөнбаев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде бычак сайып, өлтүрүп кетишкен.

Каза болгон милиционер 25 жаштагы укук коргоо органдарынын ага лейтенанты болгон. Кайтыш болгон күнү ал үйлөнүү тойго даярдануу максатында эмгек өргүүсүнө чыккан.


ТЕМА БОЮНЧА: