Бишкек мэриясы: Түшмө өтмөктөрдө жеткирүү көйгөйлөрүнөн улам көтөргүчтөр орнотула элек

Бишкек мэриясы билдиргендей, Филармония менен ЦУМдун жанындагы оңдоодон өткөн түшмө өтмөктөрдө жеткирүү көйгөйлөрүнөн улам майыптар үчүн көтөргүчтөр бүгүнкү күнгө чейин орнотула элек.

Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Нурлан Эшбаев Kloop.kgнин журналистине билдиргендей, чек арадагы жаралган кырдаал үчүн көтөргүчтөрдү Орусиядан Кыргызстанга жеткире албай жатышат.

Анын айтымында, көтөргүчтөрдү алдын ала 20-ноябрга чейин орнотушат.

«Алар жасалган жана Орусиянын ишканасында жүктөөгө даяр турат, бирок чек арадагы жаралган кырдаалга байланыштуу аларды бул жакка алып келе албай жатышат. Бул аргасыз жагдай болууда», — деди Эшенбаев.

Мэрия көтөргүчтөрдү түшмө өтмөктөр оңдолгондон кийин октябрь айынын ичинде орнотууну убада кылган.

Оңдолгон өтмөктөгү суу тамчылоолор

Сентябрдын аягында Филармониянын жанында 27 млн сомго оңдоодон өткөн түшмөктүн төбөсүнөн суу тамчылай баштаган. Бишкек мэриясы билдиргендей, өтмөктү кайра оңдоонун чыгымдарын подрядчы өзүнө алмак.

Филармония менен ЦУМдун жанындагы өтмөктөрдү оңдоо иштери 2017-жылы жазында башталган, анткени алар «авариялык абалда» болгон.

Жалпысынан эки түшмө өтмөктү реконструкция кылууга 70 млн сом бөлүнгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: