Казакстан Бишкек ЖЭБине көмүр жөнөтө баштады

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Казакстандан көмүр келе баштады. Мурдараак казак бийлиги эки өлөнүн ортосундагы дипломатиялык араздашуудан кийин Кыргызстанга көмүр сатууга тыюу салган.

Зилалиев 2-октябрда парламенттин жыйынында билдиргендей, учурда Казакстандан 15 вагон көмүр келген.

Анын айтымында, ноябрда дагы 100 тонна көмүрдүн келүүсү күтүүлүүдө.

Мурдараак Зилалиев Бишкек ЖЭБи кышкы жылытуу сезонун казак көмүрүсүз өткөрөөрүн билдирген, анткени коңшу өлкөнүн бийлиги өздөрүнүн муктаждыктары үчүн көмүр сатууга убактылуу тыюу салышкан.

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев бардык кыргыз ЖЭБдерин жергиликтүү көрмүргө өткөрүү керектигин билдирген.

Көмүрдүн жетишсиздигинен улам Кыргызстанда катуу отунга болгон баа жогорулап кеткен. Кыргызстандын көптөгөн жашоочулары анын бийик сапаты үчүн казак көмүрүн сатып алышат.


ТЕМА БОЮНЧА: