Атамбаев «өлкөнү сатууга» даярларга жашаганга башка жер издөөнү сунуштады

Президент Алмазбек Атамбаев билдиргендей, «бүтүндөй эл менен өлкөнү сатканга» даяр адамдар жашаганга «ыңгайлуу» жерлерди издеши керек. Президент алар кайсыл жактан каржылык колдоо алып жатышса ошол жакка кете беришсе болот деп кошумчалады.

Атамбаев 27-октябрда чет өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын алып жаткан учурда «Кыргызстан жасалма банан республикасы боло албайт жана өлкөнүн эгемендүүлүгүн коргоо» керек деп билдирди.

«Акыркы окуялар бизге кимдин ким экенин, ким Кыргызстан үчүн, ким Кыргызстандын патриоту экенин көрсөттү жана кимдер үчүн эгемендүүлүк — ээн дабыш экенин дагы көрсөттү. Өздөрүнүн акчалары менен гранттарына эгемендүүлүк менен өлкөнү, биздин адамдарды, бүтүндөй элди 30 тыйынга сатканга даяр тургандарга, […] эгемендүүлүк — ээн дабыш болгондорго мен ыңгайлуурак жерди кеңеш кылгым келет, мүмкүн ошол жак, кайсыл жерден алар акча менен саясий колдоо алып жатышкан», — деди Атамбаев

Ал Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жеңилдетилген түрдө жарандык алуу келишими бар экенин кошумчалады.

«Биз сүйүнүү менен коё беребиз. Силерди сүйүнүү менен кабыл алышат. Ал жакта жер көп», — деди президент.

Кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөр менен ЕАЭБ

Ошондой эле, президент жарандардын кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө пайда болуп жаткан көйгөйлөрүнө токтолду

Президент билдиргендей, анын кызы Алия Шагиева кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө бир нече саат «кыйналып жүдөп ыйлаптыр».

«Кызым кыргыз-казак чек арасында жүдөп ыйлаптыр, көзүнө жаш кеткен. Ошондуктан өкмөт ойлонуп, айрым депуттар болсо өз кызыкчылыктарын унутуп "Ачык Асман" долбоорун жасоолору керек», — деди Атамбаев.

«Ачык Асман» долбоору эл аралык авиацияда көзөмөлдү азайтууну шарттайт — авиа компаниялар учуулардын каттамдарын, белетердин бааларын жана ташуулардын көлөмдөрүн өздөрү белгилешет.

Атамбаев билдиргендей, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине «өтө эле чоң үмүт арткан».

«Экономикалык өнүгүүнү ЕАЭБке байланыштырып, ага үмүт артып, өзүбүздү алдабайлы. Биримдик — ал бир адамга көз-каранды болсо, ал адам дүйнөдөгү эң күчтүү адам болсо дагы, эч кандай биримдик эмес», — деди президент.

Ошондой эле, ал Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөгү болгон жана боло берет деп кошумчалады. Президент Кыргызстандын өкмөтүнө тез бузулуучу өндүрүмдөрдү өткөрүү үчүн альтернативдүү базарларды Өзбекстан менен Кытайдан издеп, маселени чечүүнү тапшырды.

Атамбаевдин айтымында, Орусияга болгон жүк ташуулар темир жолу аркылуу болуп, ал эми Кыргызстандын бардык Жылуулук электр борборлорун (ЖЭБ) толугу менен казактын эмес кыргыздын көмүрүнө өткөрүү керек.

Атамбаев билдиргендей, тез арада Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун долбоорун  иштеп чыгып, куруу керек.

Өткөн шайлоо жөнүндө

Ошондой эле, Атамбаев өткөн президенттик шайлоонун темасына токтолуп, административдик ресур жөнүндө болуп жаткан сөздөрдү «күлкүмүштүү» деди.

«Жети облустун экөөсүнөн гана жеңген адам административдик ресурс жөнүндө айтып жатканы бул күлкүмүштүү. Анда ал бардык жети облуста утулуп калмак», — деп билдирди Атамбаев.

Негизинен Атамбаев Чүй менен Талас облустарында жеңишке жеткен президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов жөнүндө айтып жатса керек.   

Мындан тышкары президент «эл башка тараптагы байкеге эмес өз президентине ишенет» деп кошумчалады.

«Башка кеп, биздин көп улуттуу элибиз өз жолун тапты, дүйнө менен туруктуулукту барктайт», — деди ал.

Атамбаевдин казак бийлигине карата сыны

Президент 7-октябрда Казакстандын бийлигине бир катар сындарды айткан. Атамбаев мугалимдердин алдында сүйлөп жатып казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптаган.

Ошондон кийин Казакстандын чек арачылары 10-октябрда жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин күчтөндүргөн — өткөрмө бекеттеринде адамдардын кезек күтүүлөрү чогулуп, авто тыгындар пайда боло баштаган.

Андан соң Атамбаев Казакстандын бийлигин соңку бир нече жылдар аралыгында алардын аракеттери Евразиялык экономикалык биримдигин таркатууга багытталган деп айыптаган.

Мындай кырдаал 18-октябрга чейин сакталып турган — эки мамлекеттин өкмөтү жарандар менен бош унаалардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнү келишишкен. Учурда эң башкы көйгөй — чек арадан жүктүү фуралардын казак чек арачылары тарабына жай өткөрүлүүсү.


ТЕМА БОЮНЧА: