Атамбаев Жээнбековду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 3-ноябрда жаңы шайланган өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Атамбаев Жээнбековду өткөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев менен Жээнбековдун жолугушуусу 3-ноябрда өткөн.

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Атамбаев президенттик шайлоо ачык жана демократиялуу өткөнүн белгилеп, натыйжада кыргызстандыктар Жээнбековго болгон өздөрүнүн «жогорку ишенимин» билдиришти деп эсептеди.

Ошондой эле, жолугушуу учурунда Атамбаев менен Жээнбеков мамлекеттин ички жана тышкы саясатындагы актуалдуу маселелерин талкуулашты.


ТЕМА БОЮНЧА: