Парламенттин депутаты Аида Салянованын инисин 6-ноябрга караган түнү өз үйүнөн атып кетишкен. Милиция бул факт боюнча кылмыш ишин козгоду, Ички иштер министрлиги бул иш саясий мүнөзгө ээ эмес деп эсептейт. Кол салуу боюнча дагы эмнелер белгилүү?

Өлтүрүүнүн жагдайлары

Өлтүрүү 6-ноябрга караган түнү болжолдуу саат 02:00дө Улан Саляновдун үйүндө болгон. Милициянын маалыматына ылайык, кол салгандар үчөө болгон — алардын бардыгы бет кап жана кол капчан болушкан. Ошондой эле, киши колдуу болгон Саляновдун эжеси кылмышкерлер камуфляж кийип, буттарында берц болгонун кошумчалады.

«Алар (кол салгандар — ред.) кирип келишкенде Улан Салянов дароо эле "Силер кимсиңер жана силерге эмне керек? Эмне керек болсо биз силерге беребиз" деп айтты. Алар аны себепсиз эле токмоктой башташып, андан кийин эки жолу атышып, издерин жашырып кетишкен», — деп билдирди Kloop.kgнин кабарчысына Чүй облустук ШИИБдин басма сөз кызматынын начальниги Нурбек Токтосунов.

Маркумдун эжеси Чынара Салянова 24.kg басылмасына билдиргендей, кылмышкерлер үйдөн эч нерсе алышкан эмес. Анын айтымында, Саляновду кол салгандардын бирөөсү анын баласынын чыкыйына тапанчаны такагандан кийин атып салышкан.

Милициянын маалыматына ылайык, кол салгандар ак түстөгү минивэнде издерин суутуп кетишкен.

Милиция «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча колго түшүрүү планын жарыялады. Иликтөө ишин ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алды.

 

Улан Саляновдун унаасы. Сүрөт: «Азаттык».

ИИМ: Өлтүрүү саясий мүнөздүү эмес

Милиция өлтүрүүнүн бир нече версиясын изилдеп жатат, бирок алар кайсылар экенин тактаган жок — Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Салянованын адвокатынын кооптонууларына карабастан кылмыш саясий мүнөздүү эмес деп эсептейт.

Депутаттын адвокаты Улан Жумаков депутаттын бир тууган инисине кол салууну Салянованын мурдагы башкы прокурорлук кызматы менен байланыштуу деп эсептейт. Салянова бул кызматты 2011-жылдан тартып 2015-жылга чейин төрт жыл аралыгында аркалап турган.

Юрист Кыргызстандын бийлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен Салянованын коопсуздугун камсыздоону талап кылды. Азырынча кыргыз бийлигинин бул окуяга болгон реакциясы белгисиз — президент жана министрлер кабинети тарабынан реакция боло элек.

«Төрт кескин беткапчан, атайын бут кийим, берц кийишкен. Бул нерсенин бардыгы каракчылык сыяктуу, тиричилик кылмыштуулугу эмес, буйрутма өлтүрүүдөй көрүнүп турат!» — деп эсептөөдө саясий активист Эдил Байсалов.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Улан Саляновду өлтүрүү — «саясий» иш деп эсептөөдө.

«Эмне демекчибиз. Бул бийлик жөнүндө иллюзия калбай калды. Оппозициячыл депутаттын бир тууган инисин өлтүрүү — саясий. Милиция Атамбаевдин жансакчысынын башчылыгынын алдында (ички иштер министри Улан Исраилов президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон — ред.) канча керек болсо ошончо дүркүрөгөн иликтөөнүн түрүн көрсөтүп же айта бериши мүмкүн», — деп жазган ал өзүнүн фэйсбугунда.

«Бай адам эмес»

Каза тапкан Саляновдун агасы Карыбек Салянов «Азаттык» үналгысына курган маегинде билдиргендей, анын инисинин душмандары жок болгон.

«Эч кандай душманы жок болчу. Канча жылдан бери намаз окуйт. Балдары менен жубайы кудайга ишенишет, өмүр бою мечитте кудайга жалынышат», — деди ал.

Агасынын айтымында, анын иниси бай эмес адам болгон.

«Анын жакшы машинасы жок. Бул жылы үйдүн долбоорун жасаган, эки жыл курган үйүн», — деди Карыбек Салянов.

Чынара Салянованын айтымында, анын иниси унаа оңдоо жайында иштеп, ошону менен жашоого акча тапчу.

«Ал абдан боорукер жана жөнөкөй адам болгон. Эч качан биздин эжебиз Аида Салянованын кызматтык абалынан пайдаланган эмес. Улан унаа оңдоо жайында машиналарды оңдоп, аларды сырдоо менен алектенчү. Эмне үчүн аны өлтүрүшкөнүн биз билбейбиз. Ал Аида үчүн бардыгы болчу», — деди эжеси.

Мурдагы башкы прокурор

Аида Салянова — учурда «Ата Мекен» фракциясынан депутат — 2011-жылдан тартып 2015-жылга чейин, төрт жыл аралыгында Кыргызстандын башкы прокурорлук кызматын аркалап турган.

Салянова өзүнүн башкы прокурордук ишмердигинде президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосун пайдаланган, бирок өлкө башчысы менен болгон келишпестиктерден улам өз кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Атамбаев менен болгон келишпестиктер Салянова өлкө башчысынын эң башкы каршылаштарынын бири Өмүрбек Текебаевдин «Ата Мекен» оппозициялык фракциясына кошулгандан кийин дагы күчөй баштаган.

Учурда Саляновага каршы мурда юстиция министри болуп турган кезде кулатылган президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып бергендиги үчүн соттук жараяндар жүрүүдө.

Авторлошу: Регина Им


ТЕМА БОЮНЧА: