Кыргызстандык биотехнологиялар боюнча эл аралык сыйлык алды

Кыргызстандык Асел Сартбаева вакциналарды муздатуусуз сактоонун иновациялык ыкмасын ойлоп тапкандыгы үчүн биотехнологиялар боюнча эл аралык IChemE Global Awards 2017 сыйлыгын алды.

Илимдин доктору Асел Сартбаеванын башчылыгынын алдында окумуштуулардын тобу IChemE Global Awards 2017де «Биотехнологиялар» категориясында сыйлык алышты.

Кыргызстандык вакциналарды муздатуусуз сактоонун иновациялык ыкмасын ойлоп тапкан. Анын айтымында, мындай жол менен вакциналардын баасы төмөндөп, муктаж болгондорго жеткиликтүү болуп калат.

«Мен үчүн бул сыйлыкты алуу чоң сыймык. Мен абдан таасирденип турам жана бактылуумун. Менин тобум бул процессти иштеп чыгуунун үстүндө абдан көп иш алып барган», — деди ал.

Бул ыкманын мааниси — ар кандай температураларга туруктуу болгон вакциналарды кремний менен жабууга мүмкүн болгондугунда.

Мындай жол менен вакциналарды сактоо же болбосо жеткирүүдө белгилүү бир температураны кармаган атайын муздаткыч талап кылынбай калат.

Мурдараак бөлмө температурасында мындай муздатуу системасы жок болгондуктан, вакциналар тез эле жараксыз же уулуу болуп калчу.

Асел Сартбаева — дүйнө жүзүнө Борбор Азиядан биринчилерден болуп чыккан окумуштуу аял деп таанылган.

Ошондой эле, ал Англиядагы Падышалык илимий коомчулуктун мүчөсү болуп эсептелет. Бул коомчулукка Дороти Хожкин, Майкл Фарадей, Исаак Ньютон, Стивен Хокиң жана башка көптөгөн окумуштуулар мүчө болушкан.


ТЕМА БОЮНЧА: