Бишкекте 19 жашка чейинкилердин арасындагы 2018-жылда өтө турган Азия чемипионатына карата тандоо айлампасы аягына чыкты. Анда кыргызстандыктар төрт матч ойношуп, жыйынтыгында турнирдин финалдык баскычына өтө албай калышкан.
Кыргыз курамасы менен бирге А тайпасында Байхрейн, Оман, Непал жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) жаштар курамалары болгон.
Болуп өткөн матчтардын жыйынтыгы боюнча, курама капчыгындагы 6 упай менен 4-орунду ээлеген, алар аны Непал менен Бахрейндин курамаларын утуп алышкан болчу.
Турнирдин финалдык бөлүгүнө тайпадагы 9 упай менен 1-орунду ээлеген БАЭнин курамасы чыккан. Анын артынан Омандын курамасы жайгашкан.
Кыргызстан 2 – 0 Непал, 31.10.2017
Тандоо турниринин ачылыш матчы кыргыз курамасы үчүн абдан ийгиликтүү болду. Николай Южаниндин окуучулары Непалды 2:0 эсеби менен жеңе алышты.
Кыргыз курамасынын курамында Алимардан Шүкүров менен Гүлжигит Бөрүбаев топ киргизип артыкчылык көрсөтө алышты.
Ошондой эле, биринчи турдун алкагында БАЭ менен Омандын курамалары өз ара ойношту. Ошол матчта БАЭнин командасы чоң (5:1) эсеп менен өздөрүнүн каршылаштарын утулуш ызаасы менен калтырды.
Оюндун биринчи күнүнөн соң Кыргызстан менен БАЭнин курамалары тайпадагы 1-орунду өз ара бөлүп алышты.
Кыргызстан 0 – 3 Оман, 02.11.2017
Тандоо турниринин экинчи матчында жаштар курамасы Омандан 0:3 эсебинде утулуп калды.
Экинчи турда Бахрейндин курамасы Непалдын курамасын 4:0 эсебинде жеңип, үч упай топтоду.
Кыргызстандыктар утулганына карабастан БАЭ жана Бахрейн менен катарлаш эле тайпада 1-орунду сактап кала алышты.
Бахрейн 1 – 2 Кыргызстан, 04.11.2017
Бахрейндин курамасына каршы өткөн оор матчта кыргызстандыктар жеңишти сууруп, маанилүү үч упайды жеңип ала алышты.
Голдордун авторлору Темирболот Тапаев, Эржан Нурбеков жана Ахмед Абдурахман болушту.
БАЭнин курамасы Непалды минималдуу эсеп менен утуп, тайпада 1-орунду сактап кала алды. БАЭнин жана Кыргызстандын курамаларында алтыдан упай бар болчу.
БАЭ 4 – 1 Кыргызстан, 06.11.2017
Турнирдин жыйынтыктоочу матчы кыргыз курамасынын Азия чемпионатынын баскычына чыгуу тагдырын чечти. Карама-каршы таймашта БАЭнин курамасы күчтүү болуп чыгып, маанилүү үч упайды жеңип, тайпанын жеке жалгыз лидери болуп калды.
Николай Южаниндин командасында, теориялык жактан караганда, 2-орундан плей-оффко өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу.
Бирок калган бардык командалар өздөрүнүн матчын ойноп бүтүшкөн соң, улуттук курама тайпадагы 2-орундан 4-орунга түшүп кеткен.
Тандоо айламапысынын жыйынтыгында Кыргызстандын 19 жашка чейинки курамасы турнирде мындан ары дагы катышуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калган.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Футбол: Бишкек Азия чемпиондугун U-23 тандоо матчтарын өткөзөт. Ал эмне жана ага эмне үчүн...
- Улуттук кураманын оюнчусу бир буту жок Азис менен футбол ойноду