Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы. Сүрөт КРФФ.

Бишкекте 19 жашка чейинкилердин арасындагы 2018-жылда өтө турган Азия чемипионатына карата тандоо айлампасы аягына чыкты. Анда кыргызстандыктар төрт матч ойношуп, жыйынтыгында турнирдин финалдык баскычына өтө албай калышкан.

Кыргыз курамасы менен бирге А тайпасында Байхрейн, Оман, Непал жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) жаштар курамалары болгон.

Болуп өткөн матчтардын жыйынтыгы боюнча, курама капчыгындагы 6 упай менен 4-орунду ээлеген, алар аны Непал менен Бахрейндин курамаларын утуп алышкан болчу.

Турнирдин финалдык бөлүгүнө тайпадагы 9 упай менен 1-орунду ээлеген БАЭнин курамасы чыккан. Анын артынан Омандын курамасы жайгашкан.

Кыргызстан 2 – 0 Непал, 31.10.2017

Тандоо турниринин ачылыш матчы кыргыз курамасы үчүн абдан ийгиликтүү болду. Николай Южаниндин окуучулары Непалды 2:0 эсеби менен жеңе алышты.

Кыргыз курамасынын курамында Алимардан Шүкүров менен Гүлжигит Бөрүбаев топ киргизип артыкчылык көрсөтө алышты.

Кыргызстан – Непал матчы. Сүрөт КРФФ.

Ошондой эле, биринчи турдун алкагында БАЭ менен Омандын курамалары өз ара ойношту. Ошол матчта БАЭнин командасы чоң (5:1) эсеп менен өздөрүнүн каршылаштарын  утулуш ызаасы менен калтырды.

Оюндун биринчи  күнүнөн соң Кыргызстан менен БАЭнин курамалары тайпадагы 1-орунду өз ара бөлүп алышты.

Кыргызстан 0 – 3 Оман, 02.11.2017

Тандоо турниринин экинчи матчында жаштар курамасы Омандан 0:3 эсебинде утулуп калды.

Экинчи турда Бахрейндин курамасы Непалдын курамасын 4:0 эсебинде жеңип, үч упай топтоду.

Кыргызстандыктар утулганына карабастан БАЭ жана Бахрейн менен катарлаш эле тайпада 1-орунду сактап кала алышты.

Кыргызстан – Оман матчы. Сүрөт КРФФ.

Бахрейн 1 – 2 Кыргызстан, 04.11.2017

Бахрейндин курамасына каршы өткөн оор матчта кыргызстандыктар жеңишти сууруп, маанилүү үч упайды жеңип ала алышты.

Голдордун авторлору Темирболот Тапаев, Эржан Нурбеков жана Ахмед Абдурахман болушту.

Бахрейн – Кыргызстан матчы. Сүрөт КРФФ.

БАЭнин курамасы Непалды минималдуу эсеп менен утуп, тайпада 1-орунду сактап кала алды. БАЭнин жана Кыргызстандын курамаларында алтыдан упай бар болчу.

БАЭ 4 – 1 Кыргызстан, 06.11.2017

Турнирдин жыйынтыктоочу матчы кыргыз курамасынын Азия чемпионатынын баскычына чыгуу тагдырын чечти. Карама-каршы таймашта БАЭнин курамасы күчтүү болуп чыгып, маанилүү үч упайды жеңип, тайпанын жеке жалгыз лидери болуп калды.

Кыргызстан – БАЭ матчы. Сүрөт КРФФ.

Николай Южаниндин командасында, теориялык жактан караганда, 2-орундан плей-оффко өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Бирок калган бардык командалар өздөрүнүн матчын ойноп бүтүшкөн соң, улуттук курама тайпадагы 2-орундан 4-орунга түшүп кеткен.

Тандоо айламапысынын жыйынтыгында Кыргызстандын 19 жашка чейинки курамасы турнирде мындан ары дагы катышуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калган.


ТЕМА БОЮНЧА: