Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүктүү унаалардын тыгындары жаралды

300 жүктүү унаадан турган тыгындар кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» жана «Чоң-капка» көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде байкалган. Казак чек арачылары кармалуударды «комьютерлердин бузулгандыгы» менен түшүндүрүшүп, бир саат аралыгында төрттөн машина откөзүшүүдө.

Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Таластагы «Чоң-Капка» көзөмөл бекетинде 144 авто унаанын тыгыны катталган — негизинен бул жүктүү унаалар менен бош кичи автобустар.

Басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымында, казак тарап жүктүү унаалардын жай өткөрүлүшүн «таразалар менен компьютерлердин бузулгандыгы» менен түшүндүргөн. Жеңил машиналар чек арадан мурдагыдай эле тартипте өтүшүүдө.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, мындан тышкары, тыгындар «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде дагы байкалган. Ал жакта 10-ноябрь күнү эртең менен 150 машина кезекте турганы катталган.


ТЕМА БОЮНЧА: