Чүй облусу: Турак жайга кулаган бетондун айынан дагы бир жабырлануучу көз жумду

Сүрөт: Турмуш

Оорукананын реанимациясында жаткан 74 жаштагы аял көз жумду. Ал Чүй облусунун Новопавловка айлындагы турак жайдын үстүнө кулаган курулуш плитасынын айынан каза болгон экинчи адам болуп калды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, турак жайга кулаган бетон плитасынын айынан жабыркаган аял 16-ноябрда көз жумган. Өлүмгө кан тамырдын үзүлүшү себеп болгон.

Реанимацияда дагы эки жабырлануучу бар, дарыгерлер алардын абалдарын оор деп аташууда.

Новопавловка айлында 10-ноябрь күнү курулуш кранынан бетон плитасы жулунуп кетип, ал учурда ичинде алты адам болгон турак жайдын үстүнө кулап түшкөн.

Плита кулаган учурда үйдүн жашоочулары чоң апанын туулган күнүн белгилеп жатышкан болчу.

Окуя болгон жерде дароо 26 жаштагы кыз мерт кетип, дагы үч жабырлануучу ооруканага жеткирилген болчу.

Үйдүн жашоочусунун айтымында, плита сапатсыз болуп, экиге бөлүнүп кеткен.

Чүй облусунун ИИБи плитанын кулаган фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Курулуш кранынын айдоочусу убактылуу кармоо жайына камакка алынган.

Ага «Эмгекти коргоо эрежесин бузуу» жана «Курулуш иштеринин коопсуздук эрежелерин бузуу» беренелери боюнча күнөө тагылган.


ТЕМА БОЮНЧА: