Атамбаев Жалал-Абадда тартип сакчыларына үйлөрдү тапшырды

Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлерине көп кабаттуу үй салынып, 21-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев ачкычтарды тапшырды.

Президент иш сапарында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) кызматкерлерине көп кабаттуу үйдүн ачкычтарын тапшырды.

«Кыргызстанда коопсуздук сакталып, стабилдүүлүк болушу үчүн күч структурасына көңүл буруу зарыл. 2010-жылдагы окуяда биз милиция менен аскер түзүмүнүн жоктугунун кесепетин көргөнбүз», — деди Атамбаев.

Батирлердин абалы менен таанышкан өлкө башчы жылуулук туташтырылбагандыгын сынга алып, тез арада чечүү тапшырмасын берди.

Үйлөрдү бөлүштүрүү жана тандоо Жалал-Абад ОИИБнин алдындагы турак-жай комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп, анын негизинде 90 кызматкер тандалып алынган. Алардын арасында кызмат учурунда каза болгондордун үй-бүлөсү, ИИМдин ардагерлери бар.

«Калган 10 батир кызматтык үй катары колдонулуп, анда алыстан көчүп келген кызматкерлер жашай алат», — деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматынан.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы


ТЕМА БОЮНЧА: Атамбаев Токмокто милиционерлерге үйлөрдүн ачкычын тапшырды