Жогорку сот Текебаевдин өкүмүн күчүндө калтырды

Жогорку соттун судьясы оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин 4,5 жылдык абак мөөнөтүн күчүндө калтырды. Текебаевди «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк берүү үчүн орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алуу боюнча күнөөлүү деп таанышкан.

Жогорку сот оппозициялык саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Биринчи май райондук соту август айында мүлктөрүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен аларды сегиз жылга эрктеринен ажыраткан. Ал эми мунапыс колдонулгандан кийин саясатчылардын абак мөөнөтү төрт жарым жылга кыскартылган.

Адвокат Канат Хасанов соттон Текебаевди толугу менен актап, кылмыш ишин кошумча тергөө үчүн райондук сотко жиберүүнү суранды.

«Кылмыш ишинде күнөө далилденген жок. Иште кылмыштын курамы жок. Жада калса Маевский айткан нерселер болгон эмес. Кылмыш иши бир гана Маевскийдин сөздөрүнүн негизинде токулган. Ошондуктан мен өзүмдүн коргоого алган адамдарымды актоону суранам», — деди ал.

Прокурорлор тескерисинче соттон жазаны күчтөндүрүп, Текебаев алган мунапысты жокко чыгарууну суранышты.

«Текебаев күнөөлүү деп табылган берене өзгөчө оор кылмыш деп эсептелинет. Ага карабай анын жасаган кылмыш жосунунун оордугу мыйзамсыз акча табууну көздөп, карасанатайлык менен жасалганы эске алынбай жеңил жаза чегерилген», — деп билдирди прокурорлордун бирөөсү.

Прокурордун айтымында, мыйзам боюнча кызматтык кылмыш жасаган адамдарга карата мунапыс колдонууга болбойт.

Текебаевдин иши

Бишкектин Биринчи май райондук соту Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион доллар өлчөмүндө пара алуу боюнча  2017-жылдын 16-августунда күнөөлүү деп тапкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев акчаны алгандан кийин Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк бериши керек болгон. Ал эми Чотонов бул пара алууда ортомчулук кылган.

Саясатчынын адвокаттары өкүмдү даттанышкан, бирок Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Текебаев өзүнө коюлган айыпты четке кагып, бул ишти бийликтин «саясий буйругу» деп атап келет.

Оппозиционерди 2017-жылдын февралында анын Кыргызстандын бийлиги менен президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айткан сын-пикирлеринин шартында камакка алышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: