Парламентарийлер экинчи окууда жол кыймыл эрежелерин бузгандарды жазага тарткан мыйзам долбоорун кабыл алышты. Эми жабырлаануучунун ден соолугуна оор залал келтирүү үчүн же ал өлүмгө дуушар болсо күнөөкөрдү жети жылга кесүү сунушталууда.
Урматтуу окурмандар, материалда кетирилген катачылыктар үчүн кечирим сурайбыз. Биз мыйзам долбооруна ылайык, мас абалда машина айдоо үчүн 1 млн сом штраф салуу сунушталууда деп жазганбыз. Бирок депутаттар кабыл алган мыйзам долбоорунун версиясында бул эреже бузуу үчүн зыянды төлөө түрүндө үч эселенген төлөм менен жазалоо же беш жылга эркинен ажыратуу сунушталууда.
Прламентарийлер экинчи окууда кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, эгерде айдоочу жол кыймыл эрежелерин бузуп жана жол кырсыгы учурунда жабырлануучуга анча оор эмес залал тийгизсе ал жабырлануучуга үч эселеп зыян төлөп берип, үч жылга чейин машина айдоо укугунан ажыратылат.
Учурда мындай эреже бузуу үчүн штрафтын өлчөмү 10 миң чомго чейин акчаны түзөт, мындан тышкары күнөөлүү түзөтүү иштерине тартылып, же үч жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Жаңы мыйзам долбоорунда эгерде жол кырсыгында жабырлануучу набыт болуп же анын ден соолугуна оор залал келтирилген болсо күнөөлүүнү беш жылдан жети жылга чейин түрмөгө отургузуу жана үч жылга машина айдоо укугунан ажыратуу сунушталууда. Учурда бул үчүн күнөөлүү үч жылга чейин транспорт башкаруу укугунан ажыратылып, үч жылдан беш жылга чейин түрмөгө отургузуу каралган.
Өзгөртүүлөрдө эгерде ал окуя болгон жерден изин суутуп кетип, жабырлануучу каза болсо айдоочуну үч жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу менен жети жылга эркинен ажыратуу сунушталууда. Учурда күнөөлүү үч жылдан беш жылга чейин камакка алынышы мүмкүн.
Ошондой эле, мас абалда машина айдоонун жазасы дагы өзгөрүүдө. Өзгөртүүгө ылайык, күнөөкөр зыянды үч эселеген өлчөмдө төлөйт. Мындан тышкары, күнөөкөр үч жылга айрым бир кызматтарды аркалоого же айрым бир имердик менен алектенүү укугунан ажыратылып, же болбосо беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
Учурда бул эреже бузуу үчүн 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин штраф салынышы мүмкүн, же күнөөкөр беш жылга эркинен ажыратылат.
Оор жана анча оор эмес ден соолукка залал келтирген жөө жүргүн же жүргүнчүнүн жол кыймылынын эрежесин бузуу үчүн жол кырсыгынын күнөөкөрүнөн үч эселенген зыянды төлөтүү сунушталууда.
Эгерде бул эреже бузуу бир же бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе үч эселеп зыян төлөтүү же болбосо үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.
Азыр күнөөкөргө 50 миң сом штраф салынышы мүмкүн же ал үч жылга чейин эркинен ажыратылат.
Мыйзамды күчтөндүрүүгө учурдагы иштеп жаткан мыйзамдар, жада калса, эгерде жол кырсыгынан адам набыт болсо деле айыпталуучулардын жоопкерчиликтерден кутулуп кетип жаткандыктары себеп болгон.
Мыйзам күчүнө кириши үчүн депутаттар аны үчүнчү окууда жактырып, президент кол коюшу керек.
Жолдордогу коопсуздук
Бир нече жолу чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин жолдордогу коопсуздук боюнча маселелер бир топ ирет жогорку деңгээлде көтөрүлгөн.
Эң эле чуу жараткан жол кырсыктарынын бири болуп, 7-октябрда Талас облусуна кетип бара жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү болгон. Жумакадыровдун машинасы менен КаМАЗдын сүзүшүүсүнөн улам вице-премьер-министр өзү, анын айдоочусу жана жардамчысы каза табышкан.
Жолдордогу коопсуздукту камсыздоону өкмөт башчысы Исаков, парламенттин депутаттары, президент Алмазбек Атамбаев дагы талап кылышкан.
Бийликтегилер Бишкектин жолдорундагы эреже бузууларды каттаган камераларды 2011-жылдан бери эле «Коопсуз шаар» долбоору аркылуу орнотууну убада кылып келишет. Бирок ошондон бери Бишкектин кире бериштериндеги кесилиштерде болгону бир нече камералар коюлган.
Премьер-министр Исаков 20-ноябрда билдиргендей, Кыргызстандын жолдорунда камералар 2018-жылдын жазында пайда болот.