Өкмөт памирлик кыргыздар үчүн турмуш-тиричик техникасын сатып берет

Нарын облусуна көчүрүлгөн оогандык памир кыргыздары үчүн тиричилик буюмдарды, кийим-кечектерди жана биринчи керектелүүчү дары-дармектерди сатып беришет. Өкмөт бул максаттар үчүн 948 миң сом бөлдү.

Нарын облусунун өкмөттүк аппараты памирлик кыргыздар үчүн турмуш-тиричилик техникасы менен кийим-кечектерди сатып алууга 948 миң сомго тендер жарыялады.

Аткаминерлер бул каражатка памирликтерди тиричилик буюмдар, кийим-кечек жана көнүшүү проццесинде керектеле турган дары-дармек каражаттары менен камсыздашат.

Мындан тышкары, муктаждар үчүн бут кийим, төшөнчү, идиш-аяк жана турмуштук-тиричилик техникасын сатып беришет. Ошондой эле, бийликтегилер аларга алты сыналгы сатып берүүнү пландап жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: