Чубак ажы Жалилов эркектерди экинчи аял алууга үндөдү

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов өзүнүн каналында экинчи аял алганын билдирип, эркектерди дагы ошого барууга үндөдү. «Кылым шамы» укук коргоо уюму өлкөдө көп аялдуулукка тыюу салынганына таянып, Жалиловго каршы прокуратурага кайрылмакчы.

Жалилов өз каналында билдиргендей, ал өзүнө экинчи аял алган. Мурдагы муфтийдин айтымында, ал бул аракети менен башка эркектерге үлгү көрсөткүсү келген.

«Мен үйлөндүм, бирок ажырашкан жокмун. Байбичем бир аз капа болуп жатат. Бирок баары жайына келет деп ойлойм. [...] Үйлөнгөнгө ниетим жок эле, өзүм элге үлгү болуп берейин, эгер мен баштабасам, ким баштайт, деп үйлөндүм. Колунда бар эркектерге үйлөнсүн деп айтам. Эгерде жолдошуңар экинчи аял алганга колунда бар болсо, бир аз ыйлагыла, бирок көчөгө чыгып жиндилик кылбагыла. Бул биздин элибиздин салтында бар маселе», — деп билдирди ал.

Жалиловдун айтымында, анын экинчи аялы — жесир, анын жашы 30дан ашкан жана ал Түркияда бала багып иштеп жүргөн.

«Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова өзүнүн фейсбук барагында Жалиловдун сөздөрүнө укуктук баа берилиши үчүн Бишкектин прокуратурасына кайрыла тургандыгын жазган.

«Бул видеодо Чубак ажы Жалилов өз көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамын билип туруп бузганын мойнуна алып көрсөтмө берип жатат. Ошондой эле, Чубак ажы башка жарандарды да мыйзам бузууга чакырып жатат. Ошондуктан, "Кылым шамы" Адам укугун коргоо борбору Бишкек шаардык прокуратурасына расмий арыз менен кайрылат. Бишкек шаардык прокуратурасынан видеодо Чубак ажы келтирген баардык фактыларга укуктук баа берип, мыйзам чегинде чечим кабыл алуусун суранабыз», — деп жазган ал.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, көп аялдуулук үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдарда Кыргызстандын муфтийи кызматын аркалаган, учурда ал өлкөдө эң таасирдүү диний ишмерлердин бири болуп калууда.

Жалилов өзүнүн YouTubeдагы «Насаат медиа» каналында диний насаат-сабактарын жаздырып чыгарат. Анын каналы 22-ноябрда 100 миң жазылуучу топтогону үчүн видеохостиңден «Күмүш баскыч» алган.


ТЕМА БОЮНЧА: