Президенттик администрация Бакиевдин казак телеканалына берген маегин изилдейт

Сооронбай Жээнбековдун президенттик администрациясынын басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, кулатылган президент Курманбек Бакиевдин «Хабар» казак телеканалына курган маегин изилдеп, бул боюнча кийинчерээк комментарий берет.

Президенттик администрациянын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Бакиевдин Кыргызстанга кайтам деген сөздөрүнө комменттарий берген жок. Бирок ал администрация кулатылган президенттин «Хабар» телеканалына курган маегин изилдей турганын кошумчалады.

Бакиев Кыргызстандагы 2010-жылда болуп өткөн революция жөнүндө тасманын каармандарынын бири болуп калган — бул тасма «Хабар» мамлекеттик телеканалы тарабынан тартылып, бирок азырынча расмий чыга элек. Тасманын көрсөтүлчү убактысы 29-ноябрга белгиленген.

Бакиев фильмдин тизерлеринин биринде билдиргендей, «убакыт келгенде» ал Кыргызстанга кайтып келет.

«Мен билбейм, мүмкүн, таберик катары менин кийимдеримди, байпак, ич көйнөгүмдү, алышкандыр. Мен идиш-аяк жөнүндө айтпай эле койсом болот. […] Оюмча, ишенимимде, убакыт келет ошондо мен мекениме кайтам», — деген ал.

Кыргызстандын бийлиги тарабынан бул тасманын трейлерине расмий реакция кыла элек.

КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Дастан Бекешев өзүнүн твиттеринде Бакиевдин Кыргызстанга кайткысы келип жатканына кызуу реакция кылган.

«Х... ему с маслом. И пусть даже не мечтает», — деп жазган ал.

Кийнчерээк Бекешев «Спутник» басылмасына курган маегинде Бакиевди Кыргызстанда эч качан кечиришпей турганын жана анын кайтышына эч ким жол бербестигин кошумчалаган.

«Ал кылгандардын бардыгын эч качан кечиришпейт: адамдардын өлүмү, бийликти карманып туруп, үй-бүлөлүк кландык режимди орноткон. Небере-чөбөрөлөрүнө кандай экенин билбейм, бирок элдер аны дагы, анын баласын дагы кечиришпейт. Бул жөнүндө ойлонбой эле койсун», — деди ал.

Ошондой эле, тасманын анонсунда Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева жана Казакстандын президенттик администрациясынын башчысы Адилбек Жаксыбеков дагы маек курушкан. Маектердин экөөсү тең 2010-жылы Кыргызстанда болгон ыңкылапка арналган.

Фильм Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы араздашуунун шартында чыгууда — эки өлкөнүн бийлиги казак президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоонун талапкери Өмүрбек Бабанов менен жолугушкандан кийин урушуп кетишкен.

Жолугушуу кыргыз бийлиги тарабынан кызуу реакцияны жараткан — ошол кезде өлкө башчылык кызматты аркалап турган Алмазбек Атамбаев казак бийлигин «Бакиевди жакшы көрүү» жана коррупция боюнча айыптаган.

Атамбаев тараптан айтылган сын-пикир эки өлкөнүн ортосундагы мамилеринин солгундашына алып келген. Казак бийлиги чек арада көзөмөлдү күчөтүшүп, ошол себептүү көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде жүктүү унаалардын тыгындары жарала баштаган.

Казакстандын бийлиги бул нерсени Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан Кытайдын «аткези» жана «мыйзамсыз импортко» каршы күрөш деп түшүндүргөн. Мындан тышкары, Казакстан Кыргызстандын кондитердик продукцияларын, сүт-эт азыктарын киргизүүгө тыюу салган.


ТЕМА БОЮНЧА: