Жүздөгөн сапарман айдоочулар кыргыз-казак чек арасында эки өлкөнүн айтышып кеткенинен улам бир нече күн тыгында туруп калышты. «Клооптун» журналисттери жүк унааларынын айдоочулары кезекте кантип түнөп турганы жөнүндө чакан тасма тартышты.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы «Кордай» жана «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттеринде узун кезектер пайда боло баштаган. Казак чек арачылары Кыргызстан тараптан айтылган сын пикирге жооп кылып, жүк ташыган унааларды катуу текшерүүгө ала башташкан.

Бул бара-бара 1-ноябрда жүк унаалардын кезегинин 12 километрге чейин созулуп кеткенине алып барган. Көптөгөн сапарман айдоочуларга чек арада 3-5 күнгө чейин түнөп калууга туура келген. Алар күнүнө 50-300 метрдей жылып, кезекте тургандан башка эч нерсе кыла алган эмес.

«Клооптун» журналисттери тарткан бул чакан тасма өткөрмө бекетинде өз кезегин күтүп турган казакстандык сапарман айдоочулардын, Николайдын, Алексейдин жана Александрдын, башынан өткөргөн окуялары жөнүндө баяндайт.

Көңүл буруңуз! Тасмада сөгүнгөн сөздөр бар. Эгерде алар сизге зыян келтирет деп эсептесеңиз, анда Кыргызстандык илимпоз аялдын биотехнологиялар боюнча эл аралык сыйлык алганы боюнча материалды окусаңыз болот.