Human Rights Watch: Кыргызстандын Жогорку соту сөз эркиндигин «ооздуктаган» бийликти колдойт

Укук коргоочулар Кыргызстандын жогорку соту «Заноза» басылмасын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысы менен кадыр баркын кемсинтүүдө күнөөлүү деп таанып, сөз эркиндигине «оор сокку» узатууда деп эсептешет.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму билдиргендей, Кыргызстанда сөз эркиндигине «оор сокку» узатылган, анткени Жогорку сот «Заноза» (учурда Kaktus.Media — ред.) басылмасына каршы чечим чыгарган.  

Укук коргоочулардын пикиринде, чечимдин өзү сынчылардын «ооздорун жапкан» бийликти колдойт.

«Атамбаев өз ыктыяры менен кызматтан кеткен биринчи президент болуп калганы жана эл аралык байкоочулардын көзөмөлүндө өткөн шайлоо демократия институттарынын бекемделишине түрткү болгону күлкүмүштүү», — деп атылат билдирүүдө.

Укук коргоочулардын оюнча, күлмүштүүлүгү демократиялык институттардын ачкычы деп эсептелген Кыргызстандагы сот бийлигинин ЖМКларга каршы арыздары алсыздыкты көрсөткөндүгүндө болууда.

«Ошондой эле, токтомдор басма сөз эркиндиги менен сөз эркиндигин бузууда — демократияны түптөгөн маанилүү компоненттердин дагы бири», — деп айтылган маалыматта.

Уюм Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүн «демократияны курууда Жогорку соттун чечимдери эч бир жакшылыкка алып келбестигине» көңүл бурууга чакырууда. Мындан тышкары, бул чечимдер Кыргызстандагы өзүнчө бир журналисттер менен ЖМКларга таасир этип, бул өз кезегинде өлкөдөгү сөз эркиндигине «терс таасирин тийгизүүгө» алып келет деп эсептешет.

Укук коргоочулар жаңы президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалды жакшы жагына өзгөртөөрүнө үмүт кылышууда — анын программасында «президент сөз эркиндигинин кепилдиги болушу керектиги» айтылган.

«Жалган үчүн бир дагы журналист, бир дагы ЖМК, бир дагы укук коргоочу анын атынан адилетсиз куугунтукталбашы керек», — деп айтылган билдирүүдө.

Жогорку сот 30-ноябрда «Kaktus.Media» басылмасын күнөөлүү деп таап, аны мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 9 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Басылманын түзүүчүлөрүнүн бири Дина Маслова «Клооптун» басылма мурдагы президентке акчаларды төлөп берүү үчүн краудфандиң (элден акча чогултуу — ред.) компаниясын баштай турганын айткан. Ошондой эле, Маслова Жогорку соттун судьялары жоопкерчиликке тартылып жаткандардын адвокаттарынын «ооздорун ачык эле басып жатканын» кошумчалаган.

Башкы прокуратура 2017-жылдын март айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысы менен кадыр баркын коргоо үчүн «Заноза» онлайн-басылмасына каршы арыздарды бере баштаган.

Атамбаев журналисттерди «ушакчылар» деп атоо менен бир нече жолу ЖМКлардын ишин сынга алган.

Атамбаев өзүнүн жай мезгилиндеги жыл сайын өтө турган маалымат жыйынында «Занозаны» эч качан кечирбей турганын билдирген.

«Занозага каршы арызымды кайтарбайм, анткени алар "ушакчылар". Тынчтык жолу менен соттук териштирүүдөн чыгуу жолдорун көрбөй турам, анткени аларга "сабак бергим" келет», — деген ал.

Эл аралык уюмдар Атамбаев тарабынан ЖМКларга каршы арыздарды «саясий негиздүү» деп аташкан.


ТЕМА БОЮНЧА: