Жалилов өзүн колдоо митингине чыкпоого үндөдү

Мурдагы муфтий Чубак ажа Жалилов билдиргендей, уюштурулуп жаткан митингге эч кандай тиешеси жок жана өзүнүн тарапташтарын ага катышпоого чакырды. Ал бардык маселелер укук талаасында чечилиши керек деп эсептейт.

Жалилов фейсбукта өзүнүн тарапташтарына кайрылуу жасады. Мурдагы муфтий билдиргендей, анын өзүн колдоо максатында уюштурулуп жаткан митингине эч кандай тиешеси жок.

«Бул сыяктуу элди дүрбөткөн, чагымчыл аракеттерди мен колдобоймун жана чын жүрөгүмдөн жектеймин. Бардык маселелер укук талаасында чечилүүсүн туура деп эсептеймин», — деген Жалилов.

Ал «белгисиз адамдардын» чакырыктарына алдырбоого үндөп, 6-декабрда митинг болбостугун билдирди.

«Менин үстүмдөн жазылган арыздын негизинде, атайын тараптар мени менен аңгемелешүү өткөргөндүгү чындык. Бирок, ал жерде менин, же менин үй-бүлөмдүн ар намысына доо кетире турган туура эмес аракеттер болгон жок. Урмат-сыйдын, адамкерчиликтин жана мыйзамдын негизинде гана болгондугун баса белгилегим келет. Ал жерде узак сааттар бою, суу ичпестен кармап олтурушту деген кеп чындыкка коошпойт», — деген ал.

Белгисиз адамдар 5-декабрда коомдук тармактарда жана WhatsApp мессенжери аркылуу 6-декабрда парламенттин имаратынын алдына митингге чыгуу чакырыктарын таратышкан. Маалыматта «Чубак ажыдан колуңарды тарткыла» деген чакырыктар менен «көптөгөн эл» чогулат деп айтылган.  

УКМКдан билдиришкендей, эгерде мыйзамсыз аракеттерге чакырыктар болсо, анда алардын авторлору бул нерселер үчүн жоопкерчиликке тартылышат.

Чубак ажы Жалиловду экинчи аял алгандыгы жөнүндө билдирүүсү жана көп аялдуулукка үндөө чакырыктары үчүн эки жолу милицияга суракка чакырышкан. Анын адвокаты Жалиловдун билдирүүсүндө эч бир мыйзамсыз нерсе жок деп эсептейт.

«Кылмыш-жаза кодексине ылайык, эки аялдуулук же көп аялдуулук — бул жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашоо. Ал эми Чубак Жалиловдун аялдары жада калса бири-бирин таанышпайт», — деди ал.

Мурдагы муфтий 28-ноябрда өзүнүн YouTubeдагы «Насаат Медиа» каналынын эфиринде экинчи аял алганын билдирип, башка эркектерди дагы ошого үндөгөн.

Ошондон кийин укук коргоочулар менен парламенттин депутаттары прокуратурадан Жалиловдун билдирүүсүнө укуктук баа берүүнү суранышкан.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, көп аялдуулук үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.


ТЕМА БОЮНЧА: