Депутат жарнамалык көрнөктөрдөгү каталар үчүн штрафтарды киргизүүнү сунуштады

Сүрөт: Табылды Кадырбеков/Спутник

«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын депутаты Эмил Токтошев көрнөк-жарнактарда грамматикалык каталарды кетиргендерге штраф салууну сунуштады. Ошондой эле, ал жарандардын эркин тил тандоо укуктарын бузуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү керек деп эсептейт.

Токтошев «каталарды жана башаламандыкты жоюу максатында» айылдар менен шаарларда жарнамалык материалдарды жайгаштырууда адабий тилдин жоболорун сактабоо үчүн штраф салууну сунуштады.

«Мамлекеттик жана жеке ишканалрдын, аталыштарын, жарыяларды, имараттардагы маалыматтарды, шаардын көчөлөрү менен республиканын аймактарында тышкы көрнөктөр грамматикалык жана орфографиялык каталар менен жазылат», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Бул эрежени бузган жеке жактарга 500-1000 сомго чейин, ал эми юридикалык жактарга 2000 миңден 5000 миң сомго чейин штраф салынышы мүмкүн.

Ошондой эле, депутат мамлекеттик тилди этибар албоо үчүн кызматтык адамдарга административдик штраф салуу менен Административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Токтошевдин оюнча, учурдагы Кодексте тил жөнүндө мыйзамды бузуу үчүн жоопкерчилик каралган эмес.

«Бул аталып кеткен ченем тил жөнүндө мыйзамдардагы талаптарды толук ачыктап бере алган эмес, ошондой эле, бул ченемде жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги каралбай калган», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Мындан тышкары, ал жеке жана юридикалык жактарга тилди эркин тандап алуу жөнүндө мыйзамдын талаптарын аткарбагандыктары үчүн штраф салууну сунуштады. Негизинен депутат штрафтарды 2000 миң сомдон 5000 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуш кылды.

Эгерде жарандык адам тилди эркин тандап алуу жөнүндө мыйзамдын эрежесин буза турган болсо ал 500 сомдон 1000 сомго чейин, ал эми эгерде юридикалык жак эреже бузса 2000 миң сомдон 5000 миң сомго чейин штраф төлөп калышы мүмкүн.

Мыйзам долбоору азырынча коомдук талкуудан өтүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: