Кыргызстандын муфтийи: Жалилов Жараткандын алдында эч кандай күнөөкөр болгон жок

Сүрөт: КМДБ

Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгынын башчысы Максат ажы Токтомушев мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт, анткени Куран бир нече аял алууга уруксат берет. Ал Жалиловду жамандабай, туура эмес маалыматты жайылтпоого чакырды.

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев диниятчы Чубак Жалиловдун Кудайдын алдында эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт.

«Биздин кадырлуу, бүгүнкү күндө кыргыз журтчулугу үчүн диний жаатта кызмат кылып келе жаткан аалымыбыз, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Жараткандын алдында эч кандай күнөөкөр болгон жок. Ал эми ал кишинин үй-бүлөлүк маселесин тиешелүү органдар териштирип жатат», — деп билдирди Токтомушев.

Ал Жалилов жөнүндө коомдук тармактарда ушак жана туура эмес маалымат жайылпоого чакырды, анткени ислам дининде маалыматтын чын-төгүнүн билбей туруп сүйлөө жана жалган айтуу күнөө болуп эсептелет.

«Андыктан бирөөнүн үй-бүлөсүнө бүлүк салып, социалдык барактарга туура эмес, такталбаган маалыматтарды жазуудан этият бололу», — деди муфтий.

Ноябрдын аягында мурдагы муфтий өзүнүн YouTubeдагы каналында экинчи аял алганын билдирип, башкаларды дагы ошого чакырган.

Ошондон кийин укук коргоочулар менен парламенттин депутаттары прокуратурадан Чубак Жалиловдун айткан сөздөрүнө укуктук баа берүүнү талап кылшкан.

Анын адвокаты Акин Токталиев мурдагы муфтийдин айткан сөздөрүндө эч кандай мыйзамсыздык жок деп эсептейт.

Ал эми дин аалымы дагы көп аялдуулукта мыйзам бузуу жок деп, «буга туура караш керек» деген.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, көп аялдуулук үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Чубак Жалиловду көп аялдуулукка чакырыктары үчүн эки жолу милицияга суракка чакырышкан.

Ал милиционерлер менен сурак учурунда биринчи аялын — «расмий», ал эми экинчисин «сүйүктүү» деп атаган. Ал өзүнүн сөздөрү менен эч кимди мыйзам бузууга чакырган эместигин кошумчалаган.

Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында «Сезим» кризистик борбору менен милицияга Жалиловдун расмий аялы өзүнүн балдарынын өмүрү үчүн коркуп жаткандыгын айтып арыз менен кайрылган.


ТЕМА БОЮНЧА: