Милиция Бишкекте уурдалган кызды издей баштады

Иллюстративдик сүрөт

Бишкек милициясы борбор калаанын 7-кичи районунда уурдалган кыз боюнча маалыматты тастыктап, кылмышкерлер менен ал кызды издей баштады. Башында кыздын уурдалышы боюнча маалымат коомдук тармактарда пайда болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын начальниги Адыл Оморов «Клооптун» кабарчысына кыздын уурдалышы боюнча фактыны тастыктап, бирок азырынча кылмыш кылуунун себептери боюнча тыянак чыгаруудан карманды.

Милициянын маалыматына ылайык, аталган кызды «белгисиз адамдар күч менен машинага отургузушкан». «Алар аны "Хонда Степвагон" үлгүсүндөгү машина менен белгисиз тарапка алып кетишкен», — деди Оморов.   

Милиция «Хонданын» айдоочусун тапкан, бирок ал жашаган жеринде жок болгондуктан аны кармай алган эмес.

«Учурда кыздын боло турган жери аныкталууда. Издөө амалдары уланып жатат», — деди ШИИБдин басма сөз кызматынын начальниги.

«Спутник» басылмасы ШИИБдин басма сөз кызматына таянып, никеге туруу үчүн күч менен уурдап алуу же ала качуу менен байланыштуу болушу мүмкүн деп жазган. Оморов кылмышкерлердин жүйөлөрүн тастыктаган жок — анын айтымында, азырынча бул жөнүндө сөз кылуу эртелик кылат.

«Биринчи биз кызды табалы, андан соң белгилүү болот», — деди ал.

Башында кыздын уурдалышы боюнча маалыматты коомдук тармактарда ар кандай колдоонучулар тарата башташкан. Кийинчерээк милиция аларга бул боюнча арыз түшкөнүн тастыктаган.

Кыздарды никеге туруу үчүн уурдо Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизиленден кийин 2012-жылдын декабрынан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган иш катары каралып калган. Ошондон кийин кыздарды уурдоо үчүн жети жылга чейин түрмөгө камалышы мүмкүн.

«Аялдарга жардам берүү борбору» менен «Кыз коргон» инстутунун маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда күн сайын никеге туруу үчүн кыздарды уурдоонун 32 учуру катталып, алардын алтысында кыздар зомбулукка кабылышат.


ТЕМА БОЮНЧА: