Бишкек: Кыздын уурдалышын көзөмөл камералары тартып калган

Бишкектин түштүгүндө көзөмөл камералар белгисиз балдар тараптан уурдалган кызды тартып калган. Алар кылмыш болгон жерден кызды таксиге салып изин суутушкан. Милиция тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Маалымат саат 14:14тө жаңыртылды.

Кыз уурдалганы боюнча видео тасма 5-августта «ВКонтакте» коомдук тармагынын колдонуучусу тарабынан жарыяланган. Анын айтымында, кыз ошол эле күнү саат 9:40тар чамасында Ахунбаев менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде уурдалган.

Видеодо, балдар көчөдө басып бара жаткан эки кыздын бирөөсүн күч колдонуу менен таксиге отургузуп жатканы көрсөтүлгөн.

Экинчи кыз таанышын сактап калуу аракетин көргөнү менен ийгиликсиз болуп автоунаа курбусу менен кошо ордунан жылып кетет.

Тасмага адам уурдаган балдар отурган машинанын мамкекеттик номери түшүп калган. B7600BA.

Бишкек шаардык ШИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, милиция учурда тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Окуя «ала качуу» деп айтылган салтка байланыштуу болушу мүмкүн (турмуш куруу үчүн кыздарды уурдоо). Кыргызстанда бул кылмыш болуп эсептелет жана адам урдоо үчүн беш жылдан сегиз жылга чейин эркиндиктен ажыратуу каралган.

Авторлошу: Алтынай Дүйшөналиева.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: