Депутаттар жерге берилген мумияны музейге кайтарууну сунуштады

Баткенде мумияны жерге берүү. Сүрөт: Жеңиш Айдаров/Азаттык

Парламенттин жумушчу тобу өкмөткө мумияны кайра казып чыгып, аны Тарых музейине кайтарууну сунуш кылды. IV-V кылымдардын мумиясын октябрдын ортосунда маданият министрлигинин демилгеси менен жерге беришкен.

Парламенттин жумушчу тобу өзүнүн чечимин 13-декабрда кабыл алган. Депутаттар IV-V кылымдардын мумиясын жерге бербеш керек болчу деп тыянак чыгарышты. Жумушчу топко парламентарийлер Аида Касымалиева, Дүйшөн Төрөкулов жана Алмазбек Токторов кирген.

Токторов «Кактус» басылмасына курган маегинде кырдаалды изилдөөнүн жыйынтыгында депутаттык топ мумияны 60 жылдан бери турган Тарых музейине кайтаруу керек деген бүтүмгө келгенин айткан.

«Биз мумияны жерге бербөө керек деген окумуштуулардын көз караштарын кабыл алдык. Бул нерсени толкундоолор болуп кетпеши үчүн УКМК менен макулдашуу керек», — деди депутат.

Ал мумиянын жерге берилишине жол берген адамдарга карата чара көрүү керектигин кошумчалады. Токторов мумия жер алдына көмүлгөндөн бери бузулуп кетпешине үмүттөнөт.

IV-V кылымдарга таандык аялдын мумиясын октябрдын ортосунда маданият министрлигинин демилгеси менен Баткен облусунун Кара-Булак айлында жерге беришкен.

Тарых музейинин абдан эле маанилүү артефакттарынын биринин жерге берилиши кыргыз окумуштууларынын арасында чуу жараткан. Алар мумияны артка кайтарып, ал эми маданият министри Түгөлбай Казаковду ээлеген кызматынан бошотууну талап кылышкан.

Казаковдун пикиринде, мумия «эч кимге керек эмес» болгон, ал эми ызы-чууну аны кызматтан алуу үчүн атайын чыгарышкан.

«Силерге сыр ачайын: көптөн бери министрдин кызматтан кетүүсүн каалап жатышат. Бул байкуш мумиянын 60 жылдан бери эч кимге кереги жок болчу. Ал жөн гана экспонат катары турган», — деп билдирген ал.

Казаков музейдин артефактты кароого каражаты жок болгонун жана мумияны изилдөө үчүн анын кичинекей бир териси менен чачы калтырылганын айткан. Анын айтымында, жалпыга көрүү үчүн чыгарылган аялдын мумиясынын денесин «өлгөндүн сөөгүн шылдыңдоочулукка» жаткан.

Мумиянын жерге берилиши мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан дагы сынга алынган. Ал эми октябрдын аягында Түгөлбай Казаков маданият министри кызматынан кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: