«Инфоком» мамлекеттик ишканасы билдиргендей, Калкты тейлөө борборлору (КТБ) алты күндүк иштөө тартибине өтүшөт. Мындан тышкары КТБлардын иш күндөрү бир жарым саатка узарат.
«Инфоком» билдиргендей, 21-декабрдан тартып өлкө боюнча бардык КТБлар эртең мененки саат 8ден 18:00гө чейин иштөө тартиптерине өтүшөт.
Мындан тышкары, түштөнүү убактысы 30 мүнөткө кысыкартылат, бул КТБлардагы иш күнүн бир жарым саатка узартат.
Ошондой эле, КТБлар 23-декабрдан баштап 30-декабрга чейин калкты ишемби күндөрү дагы тейлей башташат. Алар эртең мененки саат 8ден 14:00гө чейин иштешет.
«Бул документ жасатууга кайрылып жаткан жарандардын көп болуп жаткандыгына жана кезек күтүүлөр жаралып, КТБга кайрылып жаткандардын наарызычылыгы менен байланыштуу», — деп билдиришти аталган мекемеден.
«Инфокомдон» мындай иш тартиби декабрга чейин гана уланаарын кошумчалашты, ал эми 2018-жылдын январынан баштап беш күндүк иштөө тартибине өтүшөт.
Жарандар чоң кезек күтүүлөргө арызданышканы үчүн октябрь айында Бишкектин Ленин районунда кошумча Калкты тейлөө борбору ачылган.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Бишкек: МКК эки жаңы Калкты тейлөө борборун ачат
- Мамлекеттик каттоо кызматы кезектин көптүгүнөн жаңы калкты тейлөө борборлорун ачат