Жер көчкү коркунучу: Аюу-Сай айылындагы 40 үй-бүлө көчпөй жатат

Сүрөт : Ыдрыс Исаков / Азаттык

Оштун Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында 40 үй-бүлө кооптуу жайдан көчпөй жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган аймакта жер көчкү каалаган учурда жүрүшү мүмкүн деп эскертүүдө.

Ушул жылдын жаз мезгилинде жер көчкү жүргөн Аюу-Сай айылында учурда 40ка жакын түтүн жашап жатат. Жаратылыш кырсыгынан кийин аларга жер тилкелери жана үй салууга каражат бөлүнүп берилген.

ӨКМнин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башчысы Анаркул Айталиев «Клоопко» кабарлагандай, айыл тургундары кооптуу жайдан көчүүгө көнбөй жатышат.

«Аюу-Сай айылындагы жер көчкү 24 кишинин өмүрүн алганы менен учурда 40ка жакын үй-бүлө көчпөй отурат. Жаракалар чоңойгону байкалып, кыркалаш Аюу-Сай менен Ичке-Сайда жер көчкү кыймылга келүү коркунучу жогору», — деди Айталиев.

Анын айтымында, быйыл кургакчылык болгону менен жер дале ката элек. Ошондуктан алдыда кар жана жамгыр жаай турган болсо, жер жылып кетиши толук ыктымал.

«Көпчүлүк жарандар мал чарбасына, жайытка байланыштуу көчө албайбыз деп айтышат. Алардын арасында өкмөттөн жардамдарды, жер тилкелерин алып деле көчпөй жаткандар бар. Кээ бири бөлүнгөн каражатка жашоосун улантып кете алаарына көзү жетпей, көчүүдөн баш тартып жатышат», — деп кошумчалады Айталиев.

Өзгөн районуна караштуу Аюу-Сай айылында 2017-жылдын 29-апрелинде жер көчкү жүрүп, айылдыктардын үйлөрүн басып калган. Массасы 1 миллион куб метрди түзгөн көчкү 11 үйдү басып, анын алтоосунда адамдар бар болгон.

Жаратылыш кырсыгында 24 киши жер астында калып, алардын сегизинин сөөгү казып алынган. Анын ичинен үчөө жашы жете электер болгон. Ал эми калган 16 адамдын сөөгүн казып алууга мүмкүн болбой, Кыргызстан диний аалымдар кеңешинин буйругу менен маркумдарга жеринде жаназа окулган.

Өкмөт жабыркагандарды Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылына көчүрүү үчүн жер тилкелерин жана 100 миң сом өлчөмүндө каражат берген. Кийинчерээк президент Алмазбек Атамбаев жеке фондунан жабыркаган жети үй-бүлөгө турак-жай куруу үчүн 10 млн сом акча каражатын бөлгөн.

ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин маалыматына ылайык, 2017-жылы Кыргызстанда жалпы 160 ири жана майда жер көчкү жүрүп, андан 34 киши каза тапкан. Учурда өлкөдөгү жер көчкү коркунучу бар деген аймактардан 1836 киши көчпөй жашап жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: