Сүрөт: Ошто башкы балатынын жасалгасын шамал учуруп кетти

Ош шаарынын борбордук аянты

Шамалдан улам Ош шаарынын борбордук аянтындагы балатынын жасалгасы зыянга учурады. Учурда аны калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Ош шаарынын борбордук аянтына алты күн мурда орнотулган 29 метр балаты 27-декабрдын түнүндө шөкөттөлгөн жерлери бузулуп, жарым-жартылай айрылган. Шаардык мэриядан билдиришкендей, ага катуу шамал себеп болгон.

Cүрөт: Салик Исаков/Kloop.kg

«Балатыбыз кулап же жыгылып калган жок. Болгону түнү жүз берген катуу шамалдан жасалгалары жеңил жабыркаган», — деп билдирди «Клоопко» Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов.

Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Анын айтымында, учурда балатыны оңдоп-түзөө иштерин тендерди утуп алган «Стар» полиграфиялык борбору жүргүзүп жатат.

«Таңкы саат 5.30да жалдануучу компаниянын кызматкерлери түзөтүү иштерин баштаган. Аянттагы бардык жасалгалоону толук жаңылап, аны бүгүн түшкү саат үчкө чейин аякташат», — деп токтолду ал.

Сүрөт: Элвира Акимова/Kloop.kg

Исраилов аянттагы жаңы жылдык жасалгалоого 15-январга чейин аталган борбор жооптуу экенин кошумчалады.

Мэрия балатыны орнотууга жана шаарды кооздоп жасалгалоого 1 млн сомго тендер жарыялаган. Тендерден утуп алган «Стар» полиграфиялык борбору балаты менен аянтты жасалгалоого 900 миң сом сарптаган.

Ош шаарындагы башкы балатынын узундугу 25 метр. Аны 21-декабрда жасалгалап, чырактарын жандырышкан.

Шаардын борбордук аянтында 31-декабрда кечки саат сегизден кийин жаңы жылдык лазердик шоу, балдарга арналган майрамдык оюн-зооктор көрсөтүлүп, фейерверктер атылмакчы.


ТЕМА БОЮНЧА: