Баласынын көзүнчө зордуктоо: Сот айыпталуучуну 8 жылга кести

Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Көл облустук соту аялды баласынын көзүнчө зордуктоого айыпталган адамды 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Биринчи инстанциядагы сот эркек кишини болгону үч жыл абак мөөнөтүнө кескен, анткени анын балдары болгон.

Ысык-Көл облустук соту айыпталуучуга 26-декабрда өкүм чыгарды. Аны аялды баласынын көзүнчө зордуктоо боюнча күнөөлүү деп табышты.

Соттук-психиатриялык экспертиза айыпталуучунун акыл-эси ордунда экенин жана өз аракеттерин толугу менен көзөмөлдөй ала тургандыгын аныктаган.

Соттун маалыматына ылайык, айыпталуучунун күнөөсү жабырлануучу менен күбөлөрдүн жардамы менен далилденген. Бирок ал өз күнөөсүн мойнуна албай жатат.

Январь айында Балыкчы райондук соту айыпталуучуну үч жылга эркинен ажыраткан, бирок «Зордуктоо» беренеси боюнча минималдуу мөөнөт — беш жыл абак мөөнөтү болушу керек болчу.

Сот айыпталуучунун эки баласы бардыгын жана буга чейин соттолбогондугун жеңилдетүүчү жагдай катары эсепке алган.

Соттолучунун адвокаты айыптоо өкүмүн «мыйзамсыз» деп эсептеген, анткени экспертиза жабырлануучунун денесинде зордууктоонун белгилерин тапкан эмес. Анын айтымында, жабыркаган аял «мас абалында» болгон, ал эми таксист аны Балыкчыда калтырган.  

Тоң райондук прокуратурасы Балыкчы райондук сотунун өкүмүн абдан эле жеңил деп эсептеп, аны даттанган.

Зордуктоо 2016-жылдын 29-июлунда, аял беш жашар баласы менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан Бишкекке кайтып баратканда болгон. Таксист аны баласынын көзүнчө зордуктап салган.

«Беш жашар уулум ошол убакта автоунаанын ичинде калып, кыйкырып жатты. Зордукчу андан кийин баламды автоунаадан ыргытып жиберип, укук коргоо органдарына кайрылсам өлтүрүп сала турганын айтып коркутуп туруп кетип калды», — деп айтып берген жабыркаган аял.

Жабыркаган аял дароо укук коргоо органдарына кайрылып, кылмышкер эртеси күнү кармалган.


ТЕМА БОЮНЧА: