Мамлекетке 1 млн сомдон ашык «зыян келтиргени үчүн» Баткен облсотуна кылмыш иши козголду

Баткен облустук сотунун имаратын оңдоо боюнча өткөрүлгөн тендер мамлекетке 1,4 млн сомго жакын «зыян алып келген». Экономоникалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Каржы полициясы) облсоттун тиешелүү кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Каржы полициясынан билдиришкендей, Баткен облустук сотунун имаратын оңдоп-түзөө үчүн 2017-жылдын ноябрында өткөрүлгөн тендерде мамлекетке 1 млн 352 миң 23 сом зыян келтирилген.

«Тендер жалпы 7 млн сомго жарыяланган. Аны кызматын 6 млн сомго баалаган "Б.ЖБИ" жоопкерчилиги чектелген коому жеңип алган. Кийинчерээк тендерге мындан 1 млн 352 миң сомго арзан кызмат сунуштаган компания да катышкандыгы аныкталды», — деп маалымдашты мамлекеттик мекемеден.

Каржы полициясы Баткен облустук сотунун тиешелүү кызматкерлерине карата «соода, аукцион же тендерди өткөрүүдөгү эреженин бузулушу» жана «өлкө кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.


ТЕМА БОЮНЧА: