Ош—Лейлек жолунда 4 тонна күйүүчү май төгүлдү

Майы төгүлгөн унаа. Сүрөт: Турмуш

Оштон Лейлекке күйүүчү май ташып бараткан унаа жолдон чыгып кетип, төрт тонна май жерге төгүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя болгон жерде тазалоо иштерин жүргүздү.

Баткен облусунун Жол коопсуздук кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, Ош— Лейлек трассасынын 260-километринде күйүүчү май алып бараткан Shacman үлгүсүндөгү унаадан 4 тонна май жол четине төгүлгөн. Окуя 6-январь күнү таңкы саат 8.30дарда болгон.

Маалыматка ылайык, май ташуучу унаанын бет маңдайынан Honda Accord үлгүсүндөгү автомобиль чыгып калган. Айдоочу жеңил машинага жол бошотууга аракеттенип, трассанын четине чыгып кеткен.

«Жерге төрт тонна май төгүлгөн. Калган 34 тонна күйүүчү майды ӨКМнин Баткен облусундагы башкармалыгы сактап калып, жол четин толук тазалашкан», — деп билдирди Жол коопсуздук кызматынан.

Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: