Милиция Темир Жумкадыров набыт болгон жол кырсыгы боюнча ишти сотко өткөрдү

Мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров

Милиция мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, анын айдоочусу менен жардамчысы набыт болушкан жол кырсыгы боюнча иликтөөнү аягына чыгарды. Жумакадыровдун машинасы менен сүзүшкөн КамАЗдын айдоочусуна айып тагылды.

ИИМдин маалыматына ылайык, ишти Чүй облусунун Москва райондук соту карайт.

КамАЗдын айдоочусуна «Бир нече адамдын өлүмүнө алып келген коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча айып тагылды. Ал үч жылга чейин авто унаа башкаруу укугунан жана жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жумкадыровдун машинасы 2017-жылдын 7-октябрында Бишкек — Кара-Балта жолунда КамАЗ менен сүзүшкөн. Окуя болгон жерде Жумакадыров өзү жана анын айдоочусу менен жардамчысы дароо набыт болушкан. Күбөлөрдүн айтымында, КамАЗ жолдун каршылаш тилкесине чыгып кеткен.

Ал 2017-жылдын 15-октябрында боло турган президенттик шайлоодогу добуш берүү участокторун текшерүү үчүн Талас облусуна бара жаткан.

2017-жылдын августунда премьер-министр Сапар Исаков Жумакадыровго жол кырсыктарынан саны өсүп кеткендигине байланыштуу жолдордогу коопсуздукту «катуу» камсыз кылууну тапшырган.


ТЕМА БОЮНЧА: