Бул колонка «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин жеке пикирин чагылдырат. Анын телеграм каналына бул шилтемеден жазылса болот.
Кыргыз парламентинин эки депутаты — Бакирдин Субанбеков жана Экмат Байбакпаев — кыргыздардын баш кийими калпакты мазактоону чечишти.
Алар калпакка «мамлекеттик символ» макамын берип, бардык мамлекеттик кызматкерлерге расмий иш-чараларда улуттук баш кийимди кийүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун сунушташты.
Мындан тышкары, бул эки адам эмне үчүн депутаттык орундуктарда отурушканы түшүнүксүз, анан дагы эмне үчүн алар өздөрүнүн маданиятын жаман көрүшөөрү дагы түшүнүксүз болууда.
Калпак — абдан кооз баш кийим. Ал абдан катаал шарттарда жашаган адамдардын муктаждыгы үчүн ойлоп табылган кынтыксыз дизайндагы таажыны элестеттирет.
Калпак — бул эсептөө аспаптары менен компьютерлердин жардамысыз ойлонуп табылган улуу инженердик ойдун чыгармасы.
Калпактын ар бир майда-чүйдөсү чоң роль ойнойт. Анын формасы, бийиктиги, кезедемеси, жада калса кырлары — анын бардыгы көчмөндөрдүн ондогон муунун сууктан дагы, күн нурунан дагы сактаган маанилүү функцияны аткарат.
Дал ошондуктан калпак улуу маданий баалуулукка ээ. Борбор Азия элдеринин көпчүлүк бөлүгү көчмөн турмуш менен жашабай, шаарларда жана айылдарда отурукташып калган кезде деле калпакты кийип жүрүүнү уланта алышкан.
Элдер аны көбүнесе жашоодогу маанилүү иш чараларда: бактылуу учурларда, үйлөнүү үлпөттөрдө, ошондой эле маркумдарды акыркы сапарга узатуу сыяктуу кайгылуу зыйнаттарда кийип келишкен.
Элдер бул нерсени мамлекет буйруп жаткандыгынан кылышкан эмес. Тескерисинче, калпак узак убакыттарга чейин колониалдаштырылган элдердин маданий символу болуп калган.
Эми мынтип депутаттар Субанбеков менен Байбакпаев калпакты мамлекеттик бюрократиянын чегинде бекитип, аткаминерлердин таажысы кылып, аны маданият символунан номенклатуранын символуна айландыруу менен баш кийимди мазактоону чечишти.
Көчмөндөрдүн эркин жана ойлоп тапкыч дүйнөсү менен айкалышкан калпакты кыргыздар кийбей кала турган болушса, бул эффективдүү эмес өкмөткө, кекеч президентке жана тантык депутаттарга байланыштуу болду деп түшүнүш керек.
Бишкектеги иш чаралардын биринде калпакты итке кийгизип салышканы үчүн бүтүндөй каршылыктарды уюштуруп жиберишкен «активисттер» бар.
Бул таң калаарлык каршылык акциясы болгон. Иттер — кылымдар бою көчмөндөргө үйүр-үйүр койлорду кайтарууга жардам берген сонун жаныбарлар.
«Активисттер» өз энергияларын пайдалуу түрдө жумшай тургандар — булар, чындыгында маданиятыбызды кемсинтүүгө аракет кылып жаткан, депутаттар Субанбеков менен Байбакпаевге каршы күрөшкө багытталышы керек.
Бирок активисттердин ошого кудурети жетеби?