Статкомитет Ноокаттагы бөлүм жетекчисинин мас болуп-болбогонун териштирет

Улуттук статистика комитети Ноокат райондук статкомдун жетекчиси иш бөлмөсүндө мас болуп-болбогону боюнча кызматтык териштирүү баштады. Эгерде бул факт аныкталса комитет өз кызматкерине чара көрөт.

Интернетке 8-январда жүктөлгөн видео боюнча Улуттук статистика комитети кызматтык иликтөө жүргүзүп жатканын «Клоопко» маалымдады.

Мекемеден билдиришкендей, эгерде иш бөлмөсүндө мас болгондордун бири Ноокат райондук статкомдун башчысы Расулбек Ташов экендиги аныкталса, анда ага мыйзам чегинде жаза берилет.

«Азырынча видеодогу жаран Ташов экенин айтуу кыйын. Видео анын иш бөлмөсүндө тартылгандыгы чындык. Эгерде видеожазуудагы жаран Ташов экени аныкталса, анда ага мыйзам чегинде жаза берилет», — деди Улуттук статкомдун өкүлү Борис Арабаев.

Сөз болуп жаткан тасма болжолдуу 2017-жылдын декабрь айынын аяк ченинде тартылып, интернетке 8-январда жүктөлгөн. Анда Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчисинин иш бөлмөсүндө мас абалда уктап жаткан эки киши тартылган.

Видеодо иш бөлмө Расулбек Ташовго таандык экени, Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси деп жазылганы көрсөтүлгөн.

Ноокат райондук статбөлүмдүн башчысы Расулбек Ташовдун өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Ал эми Ош ОИИБ интернетте айтылып жаткандай, видеодогу жаран райондук милиция бөлүмүнүн башчысы эмес экенин билдирди.


ТЕМА БОЮНЧА: