Бейтаптарга электрондук медициналык карталар ачылат

Ооруканадагы медицинанын символу. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптар үчүн медициналык карталарды киргизет. Мындай картанын жардамы менен бейтап оорунун тарыхын көрсөтүп, үйдөн чыкпастан дарыканадан дары-дармектерди сатып алып, врачтын кабылдоосуна жазыла алат.

Саламаттык сактоо министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) алдындагы «Инфоком» ишканасы 16-январда электрондук медициналык карта киргизүүнү талкуулашты.

Бул картада ээсинин кол белгиси, төлөм жана медициналык иштелме камтылат.

«Мындай ID-карт колдонуу байтаптар үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү менен медициналык жардам алууну жеткиликтүү кылат», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Электрондук кызмат көрсөтүү аркылуу жарандар өздөрүнүн оору тарыхын көрүп, үйдөн чыкпай дары-дармек сатып алууга жана врачка жазылууга мүмкүндүк алышат.

Саламаттык сактоонун адиси Майрамбек Алымкулов «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, мамлекеттик органдар учурда мындай карталарды киргизүү боюнча кошумча талкуулап жатышат.

Анын айтымында, электрондук карталарды алгачкы жолу сыноодон өткөрүү 2018-жылдын аягында болушу мүмкүн.

МККнын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов «Клооптун» журналистине электрондук карталарды киргизүү азырынча болгону талкууланып жатканын жана так маалымат жок экенин айтты.

«Бул азырынча жакынкы келечекке пландалып жатат. Учурда эч нерсе айтып бере албайбыз. Учурда бул талкуу деңгээлинде гана болууда», — деди Эржигитов.


ТЕМА БОЮНЧА: