«Учак кыйрагандан кийин аман калдык». Дача-СУдагы үй-бүлө каргашалуу окуяга кантип күбө болгон?

Учак 2018-жылдын 10-январында Дача-СУ кыштагынын үстүнөн учуп бара жатат. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Туптуура үч жыл мурда, 2017-жылдын 16-январында Бишкектеги «Манас» аэропортунун жанындагы Дача-СУ кыштагына жүк ташыган «Боинг-747» учагы кыйраган. Анда 39 адам набыт болгон, ондогон турак жай жараксыз абалга кептелип, үй-бүлөлөр жакындарынан айрылышкан. Бир эле Куватовдор үй-бүлөсү жер тамы кырсыктын чок ортосунда болгонуна карабастан керемет менен аман калган. Алар ошол күнү эмне болгонун жана каргашадан кийинки жашоолору кандай өтүп жатканын баяндап беришти.

Бул кадимкидей эле кышкы күндөрдүн бири болчу. Кыштактын бир дагы жашоочусу жашап көнүп калышкан аэропорттун жанындагы кезектеги учактын үнү бул жолкусунда жергиликтүүлөр үчүн каргашалуу окуяга айланып кала турганын күтүшкөн эмес.

Анара Воронцовкада өз эжесинин үйүндө конокто болчу. 16-январь күнү эртең менен аны кимдир бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан эжесинин кыйкырыктары ойготкон: «Кайсыл жакка, кандайча учак кулады?» Дача-СУ кыштагында Анаранын бардык үй-бүлө мүчөлөрү — уулу Акзам жубайы жана үч баласы менен — жашаган турак жайы бар болчу.

Ал каргашалуу окуя болгон жерге жетип келип, учак кыйрагандан кийинки калгандардын баарын, кыйрап калган үйлөрдү, өрт жана каза тапкан адамдарды, көргөн. Анаранын үйү керемет менен аман калып, ал эми анын жанында «Боингдин» жулунуп кеткен куйругу жаткан.

Учактын куйругу 2017-жылдын 16-январында кыйроо болгон жерде. Сүрөт: Александра Ли/Kloop.kg

«Биз аялым экөөбүз кенже кызыбыз менен өзүнчө бөлмөдө уктап жатканбыз. Башында бардыгы жер титирөөгө окшош болду — жада калса аялым дивандан кулап түштү. Ал мага терезенин артында өрт чыгып жатканын айтты», — деп эстеди Акзам.

Үйдө жарык жок болчу — андан кийин ал кулаган учак трансформатордун чордонун дагы жулуп кеткенин билет. Акзам эмне өрттөнүп кеткенин билүү үчүн сыртка чыкканда, таңкы коюу туманда жанында «Боингдин» үзүлүп кеткен куйругун көрүп калган.

Эмне болуп кеткенин түшүнгөндөн кийин үй-бүлөсүн чогултуп, аларды жакын жердеги токойчого алып барган, анткени ал жер коопсуз эле. Акзамдын он жаштагы баласы кубанычын жашыра албады. Ошол кезде ал биринчи жолу учакты жанынан көргөн — тагыраагы, жерде анын калдыктарынын арасында чыгып турган чоң куйругун.

Анара менен Акзам ошол таң жөнүндө айтып жатышканда, үндөрү каргылданып, көздөрүндө коркунуч байкалат — алар бир нерсени жашыргансып баштарын жерге салышат.

«Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Куватовдор катуу үшкүрүп алып, ошол учурда каргаша болгон жерге келишкендердин бардыгы — жада калса тез жардамдын врачтары жана өрт өчүргүчтөр дагы дендароо абалда болушканын эстешүүдө.

Абада күйүп кеткен денелер менен керосиндин жыты турган. Алы келгендин баары набыт болгондорду алып чыгууга, биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө, кым-куут болуп жана дүрбөлөңгө түшкөн адамдарды сооротууга жардам берип жатышкан.

«Жада калса мага деле кээде учак кулап, кыйкырык, ызы-чуу болуп жаткан түштөр кире берет. Адамдарды басып калган учак жарылып кеткенде, адамдардын жансыз денелери өрттөнүп жатты. Бул абдан коркунучтуу болду. Ал эми биз алардын жарым-жартыланып калган денелерин сууруп чыгып жаттык, — деп айтып берип жатып улам-улам колдорун карай берди. — Менин бир таанышым кичинекей баланы башы жок сууруп чыктым деп айтты...»

Учак 2018-жылдын 16-январында Дача-СУнун үстүнөн учуп бара жатат. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Досу менен акыркы жолугушуу

Азамат — Акзамдын досу. Акыркы жолу алар 15-январь күнү кечинде көрүшүп, балдар менен кездешип, баарлашууну макулдашышкан. Достор Азамат ошол кечте өзүн бир башкача алып жүргөнүн эстешти — учурда алар Азамат өз өлүмүн сезген деп ойлошууда.

Акзам кырсыктан кийин дароо эле ким тирүү, ким өлүк экенин ойлогонго убакыт болгон жок дейт. Кым-куут жана ызы-чуу болуп айласын таппай калган кыштактын жашоочуларына жардам берүү үчүн бир нерсе кылуу керек болчу. Өзүнүн досу жөнүндө ал кечке маал эстеп, аман калса керек деп үмүттөнгөн. Бирок кеч кирип калганда ага Азаматтын бир тууганы басып келип, ал эми жок экенин кабарлаган.

«Анын үйү дубалсыз, чатыры фундементте жатыптыр. Алар тамактанып, ал эми Азамат от жагып жаткандыр… Учактын турбинасы түз эле алардын үйүнө кирип кетиптир. Алардын үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрүн жарым-жартылай чогулттук», — деди өзүн кармана албай көз жашы мөлтүлдөп турган Акзам, саргыч лампочканын жарыгында тиштенип.

«Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Акзамдын достору ал дагы үй-бүлөсү менен каза тапты деп ойлошуптур — алар каргашадан жарым саат өткөндөн кийин анын үйүнө чуркап келишкенде бул жерде бардыгы күлгө айланып калгандай көрүнгөн. Айланада учактын үзүлгөн куйругу тутанып жаткан катуу өрт чыгып жаткан. Ошонун айынан Куватовдордун үй-бүлөөсү кереметтүү түрдө аман калганы көрүнбөй калган.

«Аралда калып калгандай»

Кыйроодон кийин айлананын бардыгы курчоого алынып, каргаша болгон жерден учактын жана үйлөрдүн калдыктарын тазалай баштаган. Ошолордун арасынан кыштактын четиндеги токойчонун жанындагы Куватовдордун үй-бүлөсү жашаган бир ак-көгүш эки кабаттуу үй бүп-бүтүн бойдон калган.

Кыйраган жерден калдыктар тазалангандан кийин Куватовдордун үйү жалгыз калган. Сүрөт: Арсений Мамашев/Kloop.kg
Кыйраган жерден калдыктар тазалангандан кийин Куватовдордун үйү жалгыз калган. Сүрөт: Арсений Мамашев/Kloop.kg

Алар кечкисин эшикке чыккан коркунучтуу болуп жатты деп айтышууда, анткени дароо эле качандыр бир кезде айланада турган үйлөрдүн терезелериндеги жарыктары менен чатырларынын морунда чыгып жаткан түтүндөр, аны менен бирге ал үйлөрдө жашап жаткан адамдарды жер бети менен түздөп кеткен коркунучтуу каргаша дагы эске түшөт. Акзамдын аялына түнкүсүн дайыма каза болгондордун кыйкырыктарын угуп жаткандай туюла берет.

Ноябрга чейин Куватовдор ушинтип жап-жалгыз жашап жатышты.

«Кай жакка кетесиң? Жашап жаттык. Ыйладык, бирок жашоону уладык. Алгачкы убактарда үйдү тышкы дүйнөдөн бөлүп жиберишкендей болгонсуду. Биз буга чейин деле токойдун жанында жашаган болсок деле, бирок кошуналарыбыз дайыма жаныбызда болчу. Кечинде чыксаң корко баштайсың, эч ким жок. Аралда калып калгандай, жап-жалгыз жашайсың», — деп эстеди Анара.

Ошентсе деле, бардык үй-бүлөбүз кайгы-капа менен кошо бул каргашалуу окуяда аман калганыбызга сүйүп жаттык дейт ал.

Кыйраган жер эми мындай көрүнөт — Дача-СУ кыштагынан аны дубал менен бөлүп коюшкан (оңдо). «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Акзам кыйроодон кийин ага кошунасы кулаган учактан таап алган телефонду сатканы келгенин эстеди.

«Мен "Ыракмат, ал жактан эч нерсе кереги жок" дедим. Адамдар ар кандай — жакшысы бар, жаманы да бар. Ошондон кийин бул адам ким экенин кандай ойдо жүргөнүн көрсөтүп койду», — дейт ал.

Анын айтымында, ал каргашалуу окуядан кийин бир нече күндүн ичинде учак кыйраган жерде фонариктердин жарыктарын көргөн. Адамдар учактын калдыктарынын арасында бүтүн калган телефондор менен ноутбуктарды издешкен.

Анара 2018-жылдын 16-январында Дача-СУда каза болгондордун элесине арналган акцияда. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү 
Каргашанын курмандыктарынын элесине арналган эстеликтин жанындагы аял. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Жаңы жашоо

Декабрдын аягында Куватовдордун үй-бүлөсү Манас айлына көчүшкөн — ал Бишкектен аэропортту көздөй барчу жолдо жайгашкан, бирок Дача-СУга караганда учуп-конуу тилкесинен кыйла эле алыс.

Үйлөрдүн үстүнө кулаган учактын ээси, түркиялык ACT Airlines авиакомпаниясы жаңы үй сатып алуу үчүн бул үй-бүлөөгө 25 миң АКШ долларын бөлүп берген. Манаста Анаранын эжеси жана достору жашашат, ошондуктан Куватовдор бул жерди тандап алышкан.

Алардын жаңы үйү бир кабаттуу жана анчейин чоң эмес. Ичи жайлуу, жылуулук сезилип турат. Жашыл дубалда жакын арада эле майрам болгонун эстеткен кооз жаңы жылдык жасалгалар илинип турат. Залда оюнчуктар чачылган, ал эми столдо жашыл дептерлер бар. Үй ичинде жайбаракат жүргөн ала-була мышык жүрөт.

Куватовдордун үй бүлөсү жаңы үйдө. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

«Дароо эле бул жер бизге ылайыктуу жана жакын экени сезилди. Балдарга да ыңгайлуу, анткени беш мүнөттүк жолдо мектеп бар. Тиги жакта жашап жүргөн кезде жол тосуп, марштуттук таксилерде жүргөнгө аргасыз элек. Акзамдын жумушуна барганга да ыңгайлуу», — дейт Анара.

Ал оор үшкүрүнүү менен баары бир өзүнүн Дача-СУдагы эски үйүн сагынып жатканын жашырган жок.

Жада калса учуп бара жаткан учактардын үндөрүн дагы.

Редактор: Дмитрий Мотинов

ТЕМА БОЮНЧА: