Май ташып бараткан унаа Чычкан дарыясына түшүп кетип, бир киши каза болду

Чычкан дарыясына кулап түшкөн күйүүчү май ташыган унаа. Сүрөт: Спутник

Бишкек-Ош автожолунун 264-километринде күйүүчү май ташыган унаа Чычкан дарыясына кулап түшкөн. Унаанын ичиндеги үч адамдын бири мерт болуп, экөөсү ооруканага жаткырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан «Клоопко» кабарлагандай, 20-январь күнү кечинде 38 тонна солярка ташып бараткан унаа Чычкан дарыясына кулап түшкөн.

Кырсыктан унаанын ичиндеги айдоочунун жардамчысы көз жумуп, жаракат алган эки адам Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган.

«Бишкек-Ош автожолунун 264-километринде "Фредлайнер" үлгүсүндөгү бензовоздун айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып Чычкан дарыясына кулап кеткен. Куткаруучулар унаадан бир кишинин сөөгүн жана эки жараат алган адамды алып чыгышкан», — деп маалымдашты министрликтен.

ӨКМ күйүүчү майдын канчасы дарыяга төгүлгөнүн тактап жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: