Ошто беш жашар бала 5-кабаттан кулап көз жумду

Ош шаарында 5-кабаттан кулаган беш жашар бала каза болду. Милициянын тергөө кызматы окуяны териштирүүдө.

Оштогу Кулатов кичи районунда 23-январь күнү 2013-жылы туулган бала 5-кабаттан кулап көз жумду. Кырсык болгон учурда үйдө эч ким болбогондугун Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдирди.

«Бала атасы жумушта, апасы бала бакчадан кызын алып келүүгө кеткен учурда, саат 15:50 чамасында кулаган. Оор жаратынан улам Ош шаардык ооруканасына жеткирилген баланы сактап кала алышкан эмес», — деди Сыдыков.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, Ош ШИИБи «Кооптуу абалдагы жаранды атайылап кароосуз калтыруу» беренесинин негизинде териштирүү иштерин баштады.


ТЕМА БОЮНЧА: