Транспорт министри Балыкчы-Корумду жолун бүткөрүүгө акча жетпей жатканын билдирди

Жол транспорт министрлигинин башчысы Жамшитбек Калилов 2018-жылдын сентябрында өтө турган Көчмөндөр оюну башталганга чейин Балыкчы-Корумду жолунун курулушун бүткөрүүгө акча жетпей жатканын билдирди.

Калилов 30-январда өкмөттүн жыйынында маалымдагандай, бөлүнүп берилген 1 млрд сом Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү жолдун реконструкциясын бүткөрүүгө жетпейт.

Анын айтымында, жыл сайын 1 млрд сомдон каржылоо болуп турса, анда жолдун курулушу 4-5 жылдан кийин бүтөт — тыгыраак айтканда, толугу менен реконструкциялоого 4,5 млрд сомдон 5 млрд сомго чейин керектелет.

«Ат майдандан тарта Корумду тилкесине чейин эле 600 млн сом керектелет. Премьер-министр жолдун курулушун Дүйнөлүк көчмөндөр оюну (ДКО) башталгыча бүткөрүүнү тапшырган, бирок каражат жетпей жатат», — деп келтирди «Азаттык» үналгысы Калиловдун сөздөрүн.

2017-жылдын апрелинде эле Транспорт министрлиги жолдун курулушун бүткөрүүгө 5 млрд сомдон ашуун каражат сураган.

Балыкчы — Корумду жолунун курулушу 2017-жылдын декабрында токтотулган. Өлкөнүн бийлиги кытайдын «Лонг Хай» компаниясына 137 млн сом карыз болуп калып, компаниянын кызматкерлерине беш айдын ичинде маяналар төлөнбөй калган.

Балыкчы — Корумду жолу

Балыкчы — Корумду жолунун курулушу 2015-жылдын ноябрында башталган. Жолду реконструкциялоону 2016-жылдын сентябрь айында өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына чейин бүткөрүп берүүнү пландашкан. Бирок, өкмөттүн каражатынын жоктугунан ал ушул маалга чейин бүткөрүлө элек.

2016-жылдын апрелинде ошол кезде өкмөттү жетектеп турган Сооронбай Жээнбеков курулуш ишине каражат «Мегаком» компаниясы сатылгандан кийинки кирешеден бөлүнөт деп билдирген. Бирок компания азырга чейин сатыла элек.

Өкмөт Балыкчы — Корумду жолун курууга тендерди 2015-жылы жарыялаган. 6,8 млрд сомдук тендерди ошол учурда лицензиясы жок «Лонг Хай» кытай компаниясы утуп алган. Лизенциянын жоктугу өкмөттөгү мекемелер аралык иликтөөлөргө негиз болуп, курулушка байланыштуу башка да мыйзам бузуулардын ачылышына өбөлгө түзгөн.

Мыйзам бузууларды иликтөө иштеринин шартында Транспорт министри Аргынбек Малабаев менен өкмөт башчы Темир Сариевдин кайым айтышуусу жаралган.

Сариев мыйзам бузуучулуктун себебин Траспорт министрлигинин шалаакылыгы деп белгилеп, Малабаевди жумуштан алууну сунуштаган. Малабаев өз учурунда Сариевди «Лонг Хай» компаниясынын кызыкчылыктарын сүрөп жатат деп айыптаган. Бул чырдын арты менен эки аткминер тең ээлеген кызматтарынан кетишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: