Чүй облусу: Милиция 20 килограммдай спайс менен бир кишини кармады

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызмат 30-январда Чүй облусунун Орто-Сай айлында 18,9 кг спайсы бар адамды колго түшүрдү. Алынган баңгизаттын көлөмү 19 млн сомду түзөт.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызмат 30-январда Орто-Сай айыланда баңгизаттарды жүгүртүү менен даярдоого шектүү адамды кармаган.

«Кыргызстандын жараны экени эсептелип кармалган адамдан өзгөчө ири өлчөмдө "спайс" психотроптук заты алынды, алынган заттын салмагы 18,9 кг түзөт», — деп айтылат ИИМдин маалыматына.

Ыкчам кызматкерлер алынган баңгизаттын өлчөмүн 19 млн сомго баалашты.

ИИМдин маалыматына ылайык, кармалган адам синтетикалык баңгизаттарды жүгүртүү жана даярдоо менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү болуп чыккан.

«Кылмыштуу топтун мүчөлөрү аткезчилик жолу аркылуу Кыргызстанда жана Казакстанда психотроптук заттарты жайылтуу менен алектенишкен», — деп айтылат ИИМдин кабарында.

Ыкчам кызматкерлер топтун башка мүчөлөрүн издеп жатышат. ИИМ «Баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана жүгүртүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кыргызстанда «Спайс»

Кыргызстанда синтетикалык чегүүчү заттар кошундуларын сатууга тыюу 2015 жылы Бишкектин дубал беттеринде «спайстын» сатыла тургандыгы жөнүндөгү алгачкы жарыялар пайда болгондон кийин салынган. Спайсты стакан адамга каршы биринчи кылмыш иши 2015-жылдын декабрь айында козголгон.

«Спайс» — бул өз ичине түрдүү синтетикалык заттарды камтыган чегүүчү кошулмалардын жалпы аталышы; «спайстын» негизги кошулмалары болуп синтетикалык канабиноиддер (марихуананын аракеттеги заттары) — «JWH-018» жана «CP-47, 419» эсептелишет.

Эки синтетикалык затка тең Европанын бир катар өлкөлөрүндө, АКШда, Орусияда, Беларуста, Украинада, Чилиде, Жапонияда, Канадада, Түркияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Түштүк Кореяда жана Австралияда тыюу салынган.


ТЕМА БОЮНЧА: