Исаков Калиевдин кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл албаганын маалымдады

Премьер-министр Сапар Исаков Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айбек Калиевдин кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл албаганын билдирди. Өкмөт башчысынын айтымында, Калиевде Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария үчүн күнөөнүн жарымы бар.

Исаков 31-январда парламенттин жыйынында билдиргендей, ЖЭБдеги авариянын айынан кызматтан кетүү боюнча арызды бир гана Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев жазган.

«Мен арызды кабыл алган жокмун. Айбек Рыспековичти коргогум келген жок, бирок ал абдан аракеттенип, уктабай жумуш үчүн күйүп жатат. Албетте, ачык айтыш керек, көйгөйлөр бар, анын күнөөсү да бар», — деди Исаков.

Парламентке отчет берүүгө бир күн калганда Исаков Калиевге Бишкек ЖЭБдин директору Нурлан Өмүркул уулу менен «Электр станциялар» ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары Бердибек Боркоевди жумуштан алуу боюнча сунуш берген.

Өкмөт ЖЭБдеги авариянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүп, анын курамына парламенттин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, энергетика тармагынын адистери жана көз карандысыз эксперттер кирген.

Комиссиянын жумушунун жыйынтыгы боюнча өз милдеттерине карата шалаакылык мамиле кылган бардык күнөөлүүлөр жазага тартылат.

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болгон. Бишкектин көп батирлүү үйлөрүндө температура кескин төмөндөп, натыйжада бул шаар тургундарынын нааразылыгын жараткан.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган.

Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоо бешинчи күн дегенде дээрлик толугу менен калыбына келтирилген.

Исаков 29-январда өзүнүн кайрылуусунда ЖЭБдеги түзүлгөн кырдаал үчүн шаардыктардан кечирим сурап, «жазага ээлеген кызматтарына карабастан бардык күнөөлүүлөр тартылат» деп убада берген.

Башкы прокуратура да жылуулук берүү борборундагы аварияга байланыштуу «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: