Парламент өкмөттүн жылытуу сезонуна даярдыгын «канааттандыраарлык эмес» деп атады

Депутаттар 1-февралдагы жыйында өкмөттүн жылытуу сезонуна карата аракеттери менен ишин «канааттандыраарлык эмес» деп баалашты. Эл өкүлдөрү өкмөткө жылуулык борборундагы авариядан улам келтирилген зыянды аныктап чыгууну жана жетекчиликтин ишине баа берүүнү тапшырышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай, депутаттар 1-фералда өкмөттүн Бишкекте жылытуу сезону маалында даярдык көрүү иштерин «канааттандыраарлык эмес» деп таанышты.

Депутаттар өкмөткө карата токтомунда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариядан улам келтирилген зыянды жана анын себептерин аныктап, шаардыктарга жылуулук берүүгө жоопкер жетекчилердин ишине баа берүүнү тапшырышты.

31-январда премьер-министр Сапар Исаков бишкектиктердин батирлерине жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратып, температуранын төмөндөшүнө кептеген ЖЭБдеги аварияга байланыштуу парламенттин алдында маалымат берген.

Исаковдун айтымында, авариянын болушуна бузук насос себеп болгон. Өкмөт башчы бардык аткаминерлердин арасынан кызматттан кетүү боюнча арызды бир гана «Улуттук энергетикалык холдингдин» башчысы Айбек Калиев бергенин, бирок ага кызматтан кетүүгө баш тартышканын кошумчалаган.

Ошондой эле, депутаттар ЖЭБди жаңылоого кеткен 386 млн доллардын айланасында талкуу жүргүзүшкөн.

Калиевдин айтымында, жаңылоо эреже бузууларсыз өткөн, ал эми авария эски жабдыкта болгон.

Депутаттар Бишкек ЖЭБдеги авариянын келип чыгуу себебин иликтөө менен алектене турган комиссия түзгөн жана жаңылоого кеткен каражат кандай сарпталганын текшерет.

Айрым депутаттар премьер-министр менен башка аткаминерлерди кызматтан кетүүгө чакырышкан.

Исаков билдиргендей, күнөөлүүлөрү курамына парламенттин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, энергетика тармагынын адистери жана көзкарандысыз эксперттер кирген ведомстволор аралык комиссия аныктайт.

Ошондой эле, өкмөт башчы ЖЭБдеги авария үчүн «толугу менен өзүнө жоопкерчилик алаарын», ал эми күнөөлүүлөр жазага тартылаарын билдирген.

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болгон. Бишкектин көп батирлүү үйлөрүндө температура кескин төмөндөп, натыйжада бул шаар тургундарынын нааразылыгын жараткан.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган.

Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоо бешинчи күн дегенде дээрлик толугу менен калыбына келтирилген.

Исаков 29-январда өзүнүн кайрылуусунда ЖЭБдеги түзүлгөн кырдаал үчүн шаардыктардан кечирим сурап, «жазага ээлеген кызматтарына карабастан бардык күнөөлүүлөр тартылат» деп убада берген.

Башкы прокуратура да жылуулук берүү борборундагы аварияга байланыштуу «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: