Кочкор-Ата шаарында үч адам иске ууланып каза болду

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 4-февраль күнү өз үйүндө үч тургун иске ууланып көз жумду.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков «Клоопко» кабарлагандай, иске уулангандар Кочкор-Ата шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү турак жайлардын биринде жашашкан.

Кырсыкта үйдүн 65 жаштагы ээси, анын 58деги байбичеси жана алардын үйүндө убактылуу жашаган 52 жаштагы киши көз жумган.

«Түндө келген кызына үйдү эч ким ачкан эмес. Кошуналарынын жардамы менен эшикти бузуп киргенде, иске ууланган үч адамдын сөөгү табылган», — деди Турдубеков.

Облустук милициядан билдиришкендей, үйдү ачып киришкенде мештин эшиги ачык болгон. Аталган фактты милиция «кокустук» деп каттады.


ТЕМА БОЮНЧА: