Талантбек Исаев депутат менен жолугушууда «тыңшоого» алынганын айтып чыкты

Ички иштер министрлигинине (ИИМ) караштуу Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын мурдагы начальниги Талантбек Исаев Бишкектин кафелеринин биринде депутат Каныбек Иманалиев менен жолугушуудан кийин столдун алдынан тыңшоочу түзмөктү тапкан.

Исаев депутат Иманалиев менен Бишкектин кафелеринин биринде жолугушуу учурунда столдун алдынан «тыңшагыч» тапканын «24.kg» басылмасына билдирген.

«Мен видону талап кылдым. Көрсө тыңшагычты бизди тейлеген официант тиркеп кеткен экен. Менин тааныштарым милицияга кайрылышты», — деп билдирген Исаев «24.kgге».

Басылманын маалыматына ылайык, ал милицияга арыз жазбоону чечкен, анткени «аны көптөн бери аңдып жүрүшөт». Исаев — соттолгон эл өкүлү Канатбек Исаевдин бир тууганы.

«Мага бул белгилүү. Эмне үчүн экенин да билем. Менин бир тууган агам Канатбек үчүн», — деп маалымдаган ал «24.kg» басылмасына.

Иманалиев «Азаттык» үналгысына курган маегинде окуя «Обама» кафесинде болгонун айткан.  

«Мелис Карыбеков, Талантбек Исаев үчөөбүз чогуу тамактаналы дегенбиз. Мен отурган жердин жанынан кичинекей диктофон табылды. Мен Салянованын сотуна барыш үчүн кете бергем», — деп билдирген ал.

«Обама» кафесинин башкаруучусу Айгерим Абакирова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде алардын кызматкери тыңшоону уюштурууга катышканын четке какты.

«Ал видео далил бар жана ал жакта коңшу столдо отурган конок тамактанып бүтүп, коё калып калып кетип калганы көрүнүп турат. Учурда бардык видеоматериалдар Биринчи май РИИБинде», — деди Абакирова.

Талантбек Исаев — Канатбек Исаевдин бир тууганы. Канатбек Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмоктун мэри болуп турган кезде Токмокто муниципиалдык базар жана автостанцияны куруу боюнча жасалма тендер өткөрүү жана коррупция боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин депутаты.

2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында Канатбек Исаевге «бийликти күч менен басып алууну даярдоо» боюнча айып тагылган. Ошондон кийин Талантбек Исаев ИИМге караштуу Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын жетекчилик кызматынан кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: