Бишкектин бийлиги 2018-жылы 2500 бак-даракты кыят

Бишкекте бактарды кыюу

Бишкектин мэри Албек Ибраимов билдиргендей, бул жылы шаар бийлиги 2,5 миң бак-даракты кыюуну пландап атат. Ошол эле кезде мэрия шаарда 8 миңден ашуун көчөт отургузмакчы.

Калаа башчысы 2017-жылы Бишкекте дээрлик 3 миңдей бак-дарак кыйылганын белгиледи. «2018-жылга карата 2,5 миң бак-даракты кыюу пландалууда», — деп келтирди «24.kg» Ибраимовдун айткандарын.

Ибраимов бийлик Бишкекте 8,2 миң жаңы бактарды отургуузууну плантап жатканын кошумчалады — Ибраимовдун айтымында, 2017-жылы шаарда 10 миң көчөт отургузулган.

«Мен жалбырактуу тукумдагы толук кандуу чоң дарактар жөнүндө айтып атам», — деди мэр.

Бишкектиктер бактардын кыйылышы үчүн мэрия менен Ибраимовду бир нече жолу сынга алышкан.

Мэрия 2017-жылдын май айында жолду кеңейтүү максатында Токтоналиев көчөсүндө миңден ашуун бак-даракты кыюуну пландаган. Бирок жарандар наарызылык билдирип чыгышып, кыйыла турчу бактардын саны кыскартылган.

Активисттер 2017-жылдын сентябрында бак жок жерлерде имараттар менен жолдордун темепературасын салыштырып, тепловизор менен эксперимент өткөрүшкөн. Күн тийбеген жерлерде температура 20 градусту көрсөтүп турган болсо, имараттар менен жолдордо абанын температурасы +26 градус болуп ысыганын көрсөткөн.

Экологдор менен Бишкектин тургундары бактардын тамырларын асфальтташып, брусчатка менен бастырып жатышканына арызданышкан. Анткени, бул дарактардын кургап, кулап кетүү коркунучу бар экенин, жок эле дегенде ошол асфальтталган жерди нымдуулук издеген тамыр бузуп салат деп эсептешет.


ТЕМА БОЮНЧА: