Бийликти басып алууга айыпталган оппозиционерлер ачкачылык кармоону улантышууда

Бийликти басып алууга аракет кылган оппозиционерлер Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдун авокаты ырастагандай, саясатчылар «ачкачылыкты өлгүчө кармоону улантууга» даяр. Оппозиционерлер кургак ачкачылыкты январдын аягында башташкан жана эгерде алардын УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетүү боюнча талабы аткарылбаса дары-дармектерди ичүүдөн баш тартышмакчы.

Оппозиционерлердин адвокаты Марс Кыдыкбаевдин айтымында, саясатчылар кургак ачкачылыкты улантышууда жана дары-дармектерди кабыл алуудан баш тартышмакчы.

«Болгону дарыгерлер глюкоза, дары берип эптеп кармап турушат. Азыр алардын абалы өтө оорлоп кетти, өзгөчө Бектур Асанов кыйналып калды. "15-февралдан баштап уколдон, дарыдан да баш тартабыз" деп жатышат. Талабы ошол эле - УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. "Ал кетмейинче ачкачылыгыбызды токтотпойбуз, өлсөк - өлөбүз" деп жатышат», — деп билдирген ал «Азаттык» үналгысына курган маегинде.

Мурдагы губернатор Бектур Асанов ачкачылыкты биринчилерден болуп 30-январда эле жарялаган, андан кийин ага Кадыров менен Карыбеков кошулушкан. «24.kg» басылмасы билдиргендей, ачкачылыкка бийликти басып алуу аракети иши боюнча өтүп аткан, бирок ден соолугуна байланыштуу үй камагында жаткан 70 жаштагы Дастан Сарыгулов да кошулган.

Укук коргоочулар оппозиционерлердин ден соолугу начарлап кеткени боюнча февралдын башында эле билдиришкен. Медиктердин айтымында, саясатчылар «араң турушат».

Адил Турдукуловдун айтымында, Асанов, Карыбеков жана Кадыров сотто дары тамчылатмасынын алдында болушкан.

Саясий камактагылар комитетинин төрагасы Зульфия Мурат ырастагандай, ачкачылыкка чейин эле соттолгон Бектур Асанов операцияда болуп чыккан, ал эми сотто эс учун жоготуп жыгылып турган.

«Асановго жакында эле ички органдарына операция жасалган жана анын абалы оорлошо баштаган. Ага №47 абакта операция кылышкан, бирок ал аягына чейин ден соолугун калыбына келтире элек болчу. Отурумда бир нече жолу эс учун жоготуп, андан кийин аны соттон алып кетишип, сотту улантышты», — деп билдирген ал.

Саясатчылардын башкы талабы — учурдагы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетүүсү.

Адвокаттын айтымында, оппозиционерлер Сегизбаев УКМКнын башчысы болуп турганда өздөрүнө чыккан өкүм боюнча доо арыз менен Жогорку сотко кайрылуудан баш тартышууда.

Саясатчылар Сегизбаевдин сотко таасир этип жатканына ишенишет.

Буга чейин 2017-жылдын 17-апрелинде Биринчи май райондук сот «бийликти басып алуу аракети» үчүн төрт оппозиционерди ар кандай мөөнөттөргө 4 жылдан 20 жылга чейин камоо боюнча өкүм чыгарган. Май айында оппозиционерлер өкүмдү даттанышкан.

Коомдук активисттер бул саясатчыларга каршы кылмыш иши жасалма жана «токулган» деп эсептешет.

«Элдик парламент» жана «бийликти күч менен басып алуу» боюнча иши

2016-жылдын мартында атайын кызмат өкүлдөрү оппозициячыл «Элдик парламенттин» мүчөлөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрүн жарыкка чыгарышкан.

Укук коргоо органдары аудио жазмада парламенттин IV чакырылыштагы мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн ички иштер министринин мурдагы жардамчысы Дуулатбек Турдуналиев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жапырт баш аламандык уюштурууну талкуулап жатышкан деп ырасташууда.

Иликтөө учурунда УКМК Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго, мурдагы депутат Кубанычбек Кадыровго, эксперт Эрнест Карыбековго, «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Дастан Сарыгулов жана «Элдик парламент» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Толубай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев жана Тойгонбек Калматовго каршы кылмыш ишин козгогон.

Оппозицинерлерге «бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо» боюнча айып тагылган, кармалгандар өздөрүнүн дарегине тагылып жаткан айыптоолорду четке кагышып, ал эми аудио жазманы монтаж деп аташкан. Иш сотко өткөрүлгөн.

Бул иш боюнча сот отурумдары жабык тартипте өткөрүлгөн, аларга журналисттерди, жала калса кээде акыйкатчыны да киргизишкен эмес. Сот отурумдарына кирүүгө мүмкүндүк алышкан укук коргоочулар «Элдик парламенттин» мүчөлөрүн жана кармалган оппозиционерлерди саясий камактагылар деп аташууда.

Оппозициячылардын туугандары менен тарапкерлери аларды тергөө бүткүчө бошотууну талап кылып бир нече жолу митингдерге чыгышкан. Ошондой эле, алар атайын кызматты кармалган саясатчыларга карата кыйноолорду колдонууга айыпташкан.

2017-жылдын апрелинде Биринчи май райондук соту «бийликти басып алуу аракети» үчүн төрт оппозиционерди ар кандай мөөнөттөргө кесүү өкүмүн чыгарган — Дастан Сарыгулов төрт жылга эркиндигинен ажыраган, анын үч жылы шартту мөөнөт. Бектур Асанов күчөтүлгөн тартиптеги абакка 12 жылга, Кубанычбек Кадыров — мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 12 жылга, ал эми Эрнест Карыбеков күчөтүлгөн тартиптеги абакка 12 жылга кесилген.

Саясатчылар май айында өкүмдү даттанышкан, ал эми 2018-жылдын февралында сот оппозиционерлердин ишин карай баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: