Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү органдарынын жетекчилигин текшерүүнү тапшырды

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Сүрөт: Султан Досалиев/президенттин басма сөз кызматы

Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрүнүн жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков кооррупцияга каршы күрөшүү органдарынын бардык жетекчилерин текшерүүнү тапшырды. Ошондой эле, президент укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин чыгашалары «дыкат текшерилип тураарын» билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Жээнбеков 13-февралда Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен жыйын өткөрдү. Жолугушууда президент «коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча жигердүү жумуштарды» баштоону тапшырган.

«Мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин декларацияларын дыкат текшерүү зарыл. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин чыгашалары дыкат текшерилет. Кыргызстандыктар мамлекеттин бардык тармактарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча чечкиндүү чараларды күтүүдө», — деп белгиледи Жээнбеков.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев 8-февралда мамлекеттик кызматкерлердин декларацияларын коррупция фактыларын ачыкка чыгаруу үчүн тешерише турганын билдирди.

Сагынбаевдин айтымында, айрым кызматкерлер «чоочун үйлөрдө жана батирлерде жашашып, чоочун машиналарды колдонушат».

«Эгерде мындай факттар такталса, анда кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктүн ээлерин ар тараптуу текшерүүлөр күтөт», — деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешиндеги өзүнүн алгачкы жыйынында күч түзүмдөрү менен башкы прокуратураны коррупция менен «натыйжасыз» күрөш боюнча айыптаган.

Ал мамлекеттик органдар «негизсиз текшерүүлөрдү» өткөрүп, ал эми прокуратура бул процесстерди көзөмөлдөбөй, өзү да «эсепсиз» текшерүүлөрдү жүргүзүүдө деп билдирген.

Жээнбеков сотторго да нааразы болгон. Президенттин айтымында, алар «атайлап» сот иштерин создуктурушат жана адилеттикке жетпей, узак убакыт бою соттордо жүргөн жарандар көп.

Президент коррупция күч түзүмдөрүнө кылмыштуулук менен «ийгиликтүү» күрөшүүгө тоскооолдук жаратып жатат деп айткан. Анын пикиринде, укук коргоо органдары «көмүскө схемаларга тыгыз байланышкан».


ТЕМА БОЮНЧА: